Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоң Кеминдин токоюнан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек

Чоң Кеминдин токоюнан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек

09-сентябрь, 11:31
1 354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң Кемин районундагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Көк-Жар, Борду коктусунан өрт чыгып, карагай, арчалар өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМдин маалыматына караганда, аны өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кечээ эле чыгып кетишкен. Бүгүн таңкы 6:30да Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси баштаган төрт офицердик курам чыгып кеткен. Ошондой эле Кемин, Чүй, Токмок шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 50 кызматкери, куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 30 куткаруучу, 100дөй жергиликтүү тургун, экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 80 кызматкер, токой чарба агенттигинен 20 кызматкер кеткен.

ӨКМ өрт адамдардын шалаакылыгы менен кайдыгер мамилесинен улам келип чыкканын айтып, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөгө чакырган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер