Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Үйлөрдү жылуулоого жеңилдетилген насыя берүүнү караштыруу зарыл»

«Үйлөрдү жылуулоого жеңилдетилген насыя берүүнү караштыруу зарыл»

15-ноябрь, 11:56
2 364 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт жарандарга үйлөрүн жылуулоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасын иштеп чыгышы керек. Мындай пикирин «Жашыл Альянс» бирикмесинин төрайымы Нурзат Абдырасулова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жарандар болобу, бийлик болобу, ыш маселесин от жагуу мезгили башталганда гана эстей турганын айтып, анын ден соолукка, экономикага тийгизип жаткан кесепеттери көңүлгө алынбай калып жатканын кошумчалады.

«Кыш келген сайын Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнө жүзүндө 1-2-орунга чыгып кетет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ар бир жаран өз салымын кошсо болот. Мисалы, үйлөрдү жылуулоо, энергоэффективдүү мештерди сатып алуу. Азыр күндүн нуру менен суу жылыткан, электр энергиясын алган жакшы технологиялар бар. Бирок буларды алууга жарандарыбыздын кээсинде маалымат жок болсо, көбүндө каражат жок болуп жатат. Ошол себептен өкмөт дыйкан-фермерлерди арзан насыя менен каржылагандай эле энергетика тармагына да жеткиликтүү, арзан каражат берүү маселесин чечсе, адамдар энергияны үнөмдөө жолдорун өздөрү таап алышмак» дейт ал. 

Ал министрлер кабинети, энергетика министрлиги учурда идеяларды, сунуштарды укканга ачык экенин айтып, бирок практикалык иштер көрүнбөй жатканын билдирди. Экологиялык маселелерди чечүүдө азырынча эл аралык уюмдар гана колдоо көрсөтүп келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер