Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөктү сактайт. Уктаганда кандай жатыш керек экени айтылды

Жүрөктү сактайт. Уктаганда кандай жатыш керек экени айтылды

29-март, 16:46
1 502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оң капталына жатып, колу-бутун аз-маз бүгүп уктаган кишинин организми эң сонун эс алат. Бул тууралуу невролог Евгений Соковдун Аргументы и факты гезитине берген маегине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Дарыгердин түшүндүргөнүнө караганда, бул учурда өпкө жүрөктү кыспайт, ага күч келтирбейт. Ал эми көмкөрөсүнөн жатуу бир топ зыян алып келиши мүмкүн экен.

“Көмкөрөсүнөн уктаган киши башын бир жагына буруп жатат эмеспи. Ал учурда мойнундагы артериялык тамырлары буралып калышы мүмкүн. Ошондой эле көп убакыт бою чалкасынан жатып уктоо дагы кооптуу. Адам катуу уктап кеткенде тил кадимкидей эс алып шалдырай түшөт да, аба киргизбей кекиртекти жаап калышы ыктымал” деди Соков.

Адис уктоо үчүн идеалдуу учур 22.00 менен 6.00дүн ортосу деп эсептейт.

“Спутник кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер