Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда доллардын баасы кескин арзандады

Кыргызстанда доллардын баасы кескин арзандады

13-апрель, 19:32
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин эки сомго төмөндөдү. Бул туурасында Valuta.kg сайтында маалымдалат.

Бүгүн эртең менен долларды 86,1 сомдон сатып алып, 87,1 сомдон сатып жаткан. Ал эми саат 16:00гө карата акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда АКШ валютасын сатып алуу 84 сом, сатуу 85 сомдон болууда.

Россия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Россияга бир катар экономикалык санкцияларды салып, рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен. Анын таасири Кыргызстанга тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыкты.

Соңку аптада валюта рыногунда абал олку-солку болуп турат. Өткөн аптада доллардын сомго карата баасы 7%га чейин арзандаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер