Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Ноокаттагы өрт кырсыгынан эки келин, эки наристе каза болду
Ноокаттагы өрт кырсыгынан эки келин, эки наристе каза болду
27-декабрь, 12:11


Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, саат 09:30да чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы, 1982-жылы туулган 2 келин жана 2009-жылы, 2019-жылы туулган эки бала каза тапкан.










