Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Жумагулов: “Фарид Ниязовдун айткандары курулай айыптоо, жөн гана догурунуу”

Бакыт Жумагулов: “Фарид Ниязовдун айткандары курулай айыптоо, жөн гана догурунуу”

11-ноябрь, 11:17
805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Серепчи Бакыт Жумагулов Фарид Ниязовдун бүгүнкү билдирүүсү тууралуу пикирин билдирди. 

“Өзүнүн башындагы төөнү көрбөйт” деген сөз президент аппаратынын экс-жетекчиси   Фарид Ниязовдун бүгүнкү билдирүүсүнө карата туура келет. Ал киши айыптап жаткан президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнү кандай акыбалда өткөрүп алганын баарынан мыкты билет. Бир эле мисал, өлкө  бюджети 20 млрд. сомдон ашуун таңкыстыкта болчу. Коронавирус илдетинин пандемиясы жалгыз эле Кыргызстанга кедергесин тийгизген жок. Акысыз эмдөө иштери жүрүүдө. Өнөктөш жакынкы-алыскы өлкөлөр менен мамилелер жөнгө салынып, тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жатканы белгилүү. Эч бир президент батына албаган Кумтөрдү мамлекетке алуу демилгеси көтөрүлүп, бул багытта иш жүрүүдө. Эл оозунда далай айтылып, нааразылык жаратып келген “олигарх саясатчыларды” бир дагы президент камакка алып, бюджетке акча төктүрмөк турсун жөн гана суракка чакыргандан айбыгып келгени калппы?  Канчасы камалып, канчасы мамлекетке келтирген зыянды төгүп беришти. Натыйжада казынага 7 млрд. сомдон ашуун каражат түштү. Аларды Фарид мырза көргүсү же айткысы келбей калабы? Эмне, Алмазбек Атамбаевдин убагында өлкөбүз гүлдөп, аттиш өңдүү жабдуулар ТЭЦке, тарых музейине алынып келген эмес беле? Аны эмнеге айтпайт Фарид Ниязов? Же “биздин убакта электр энергиясын кошуналардан алда канча кымбат сатып алчубуз, силер деле ошентип алып жыргап отура бербейсиңерби” деп айтпайбы? Бетпактыктын дагы чеги болушу керек дейм! Кур дегенде Фарид Ниязов Атамбаев бийликке келгенде мурункуларына даттанып, ыйлактап келгенин айтып койсо дагы адилеттүү болот беле дейм?

Андыктан айтарым, Фарид Ниязов курулай айып тагаардан оболу, артка бир кылчайып, объективдүү карап койсо артыкча болбойт эле. Шайлоо кампаниясы маалында өзүнө, кечээки партиялаштарына жан тартам десе, башка жолду тандасын. Курулай жалаа жабууну, популизмди эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер