Акыркы кабарлар
» Коом » COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 112 бейтап жаңы катталды
COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 112 бейтап жаңы катталды
26-октябрь, 12:11
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2658 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 112 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (43 адам) жана Чүй облусунда (42 адам).
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 741 адамга жетти. Азыр ооруканада 680 бейтап жатат, дагы 687 адам үйдөн дарыланууда.