Көп сүйлөгөн Жамалбек Ырсалиев шаардыктарды жадатып бүттү

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев көп сын-пикирге калып келет. Оңолбойт экен. Мисалы, Медеров көчөсүнөн түндүктү көздөй кете албайсың, Байтик Баатыр, Жукеев-Пудовкина жабык турат. Оңдоо иштери жүрүп атат. Ушунун айынан шаардын түштүгүнөн автоунаалардын агымы токтоп, кыяматтай эле көрүнүш жаралууда. Катар жайгашкан көчөлөргө саресеп салып, бир жагын оңдошсо, экинчисин ачык коюшу керек эле. Жол тармагын тейлеген вице-мэр Жамалбек Ырсалиев улам Фейсбуктан түз эфирден чыгып, алакөөдөн жүрүшү менен пиардан башы чыкпайт. Көп сүйлөйт, элди да жадатып бүттү. Жогоруда биз белгилеген эң элементардуу жагдайга баштары жетпегени кандай? Байтик Баатыр, Жукеев-Пудовкина көчөлөрү катарлаш жабылганы үчүн шаардыктар бир сааттап тыгында калышууда. Ысыктын күнүндө мунун өзү кыйноо да. Кыскасы, Бишкек мэриясы иштин көзүн билбегени менен бийликке сөз тийгизип келүүдө. Мындай мисалдар канча? Жогортон акыл айтчу адам чыкпаса, каалагандай “жармаларын чала” беришет экен да.