Министр Аскарбек Жаныбековго кеңешчи болгон Бакай Кашкарбаев тажата баштаганда
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кеңешчи болгон Бакай Кашкарбаев көпчүлүктү таңгалдырды, иренжиткенин айтпай-ак коёлу. Бул эргул курулушта иштеп, түрмөгө отурганын мактанып жүрүп, былтыркы төңкөрүштөн кийин арматура менен жер сабап таанылган. “Бакырчаак” атка конуп, Фейсбуктан түз эфирге чыгып, ар кимге асылып, саясатчыларга богооздоно сүйлөп атып, коомчулукту тойгузуп бүткөн эле. Билим, тажрыйбадан ташбалакет жок, эми министрге кайсы кеңешти берет? Же “оозуңду басып отурчу” деген логикада “устукан” сунушталдыбы? Минтип отурсак мамлекет каяктан өнүгөт ыя? Биздин баамдаганыбыз дайыма туура чыкчу, учурда Аскарбек Жаныбековду алагды кылып, “бакырчаак баатыр” тажатып, пикири келишпей одураңдап жатканы каңкууланды. Капчыгын кампайтабы? Концертти жакында койсо керек...
"Азия Ньюс" гезити