Педофилдерди өлтүрүү, бычуу туура эмес. Бул жагына терең маани берели
Педофилдерди өлүм жазасына тартуу, бычуу сыяктуу ураандар соцтармактарда маал-маалы менен каптап турат. Бул эмоция, куру кыйкырыктар эмеспи? Себеби, эл аралык келишимдердин нормаларын эске алышыбыз керек, о.э. алар КР мыйзамына жараша катаал жазаларды алышат. Бирок асып салуу, бычып кирүү логикага сыйбайт го? Ооба, жашы жетелек өспүрүмдөрдү кордоо, зордуктоо, өлтүрүү өтө оор кылмыштарга кирет. Дагы бир жагы, убакыттын өтүшү менен эркиндикке чыгып кеткендери бар. Соттордун “кулкунуна” байланыштуу. Эмне кылуу керек? Ириде билимге, таалим-тарбияга, нарктуулукка жаштардын аң-сезимин сугарып, мамлекеттик деңгээлде жайылтуу, алдын ала профилактикалык иштерди жасоо шарт. Ошого катар милиция, прокуратура, сот тармактары профессионалдуу, өз чийиминен чыкпай иштешсе. Баардык тарабынан тазалыкты үлгү кылуу менен...
"Азия Ньюс" гезити