Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коммерсант депутат” Осмонов коктунун деңгээлинде ой калчаганын токтотсо

“Коммерсант депутат” Осмонов коктунун деңгээлинде ой калчаганын токтотсо

05-май, 09:00
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
3-майда Айбек Осмонов Жогорку Кеңештен сүйлөп атат. “Чет өлкөдөн беш-он машина алып келген ишкерлерди тийешелүү органдар текшеришип, кыйынчылык жаратып жатышат. Ушул маселени карайлы, жардам бериңиз...” деген мааниде төрагага кайрылганы күлкү келерлик. Бул “коммерсант депутат” жеке кызыкчылыгын мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, башты айланта береби? Ишкерликтен Айбек Осмоновго окшоп шектүү байлыктары менен көтөрүлгөндөр арбын. Чет өлкөдөн кирип аткан ар бир машина тийешелүү түрдө текшерилиши зарыл. Буга чейин уурдалып келип, “жең ичинен пулданып” кеткендер арбын болгонун кайда жашырабыз? Биз деле билебиз да, эгерде чет жактан документтери таза, мыйзамдуу кирген автоунаалар эч тоскоолдуксуз эле сатылат. Же бул эргул Оштон ары Тажикстанга “өтүп кетип” аткандардан пайда таап келеби?.. Айтор, ар дайым эле Айбек Осмонов ЖК трибунасынан жеке басар кызыкчылыктарын, сабатсыз ой пикирлерин айта бербей, элдин көйгөйүн оозанбайбы? Билим, тажрыйбасын кичине жогорулатып алса болмок. Же коктунун деңгээлинде эле жобурап жүрө береби?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер