Айбек менен ажырашкандан кийин Гүландага көңүлүм түштү...

(Ырчы Гүландага!)
Жакында бир конокко барып, Гүланда айымды көрүп калдым. Мага ыймандуу, уяттуудай сезилди. Сылык мүнөзүн бааладым. Анан ошол жердеги тили узун аял айтат: “Ай, бул жанагы Айбек Карымов менен ажырашып кеткен. Интернетте канча жолу талкуу болду?” деп шыпшынып барып токтоду. “Ар кимдин ички турмушу түнт токой да, биз чыгармачылыгына баа берели” деп койдум. Андан ары алкынып, дагы далай сөз айта турган алиги аялдын үнү басылды. Сөз башка жакка ооду. Мен болсо азыр эле көргөн Гүланданын илбериңки, наздуу жүзүн элестетип, таанышып алууну ойлодум. Башы бош, ээн-эркин жүрсө, ал деле адам да. Талантына жараша ырчылык менен алектенип, эл катары эс алып, жашоонун жакшылыктарын көрүшү керек. Чын ниетим менен Гүландага ден соолук, ишине ийгиликтерди кааладым. Негизи эле аялзаты эч качан кор болбой жашаса жакшы. Көбүнчө ажырашууларга эркектер күнөөлүү. Жоопкерчиликти алуудан качышат, же майдаланып, арзыбаган нерселерден жаңжал чыгарышат. Анан кол тийгизе башташса, көңүл калуу курчуйт эмеспи. Кыскасы, эрди-катын ажырашса, 70 пайыз күнөө эркекте экенин моюнга алалы. Ушундай ойлордон улам, Гүланданы аяп, ага карата жакшы сөз айткым келди. Буюрса, дагы жолугушууга ниетим бар. Бирок тез арада таба аламбы? Ойго баттым...
Калыс, ишкер
"Азия Ньюс" гезити