Сотто ыйлаган аксакал... Же эмнеге Матраимов ушакчыларга теңелбейт?
Бир жашы өтүп калган киши кошуна жигитти “ууру” деп ушак тарата берет экен. Анан ал шектүү катары кармалат, кайра бир канча күндөн кийин үйүнө чыгып келет. Аябай ачуусу келген жигит кошунасын жалган жалаасы үчүн сотко берет. Сотто болсо тиги киши: “Бул сөз да. Жөн эле айтып келгем. Көрө албай. Эч кимге жамандык кылган жокмун” деп актанат. Сот болсо ал аксакалга: “Сиз азыр бул жигит жөнүндө эмне айтып жүргөнүңүздүн баарын кагазга жазып, машинада баратканда майдалап айрып, терезеден ыргытып жибериңиз. Эртең кайра келесиз. Анан чечим чыгарам” дейт. Эртеси келгенде: “Эми барып, кечээки ыргытылган кагаздын баарын бирден терип келиңиз” дегенде тиги киши ыйлап ийет. “Алардын баарын кайдан табам? Шамал учуруп кетпедиби?” дейт. Сот болсо: “Дал ошол кагаздын майда тытылган бөлүктөрүндөй тарап кеткен жалган жалаа да адамдын беделине доо кетирип, жашоосун кайра калыбына келбей турган кылып бузуп коюусун эстен чыгарбоо керек!” деген экен.
Ушакчы – эң жек көрүндү пенде. Себеби, ал адамдын кадыр-баркын, ар-намысын уурдайт. Тебелейт...
Ошон үчүн ар дайым өз сөзүбүздүн кулу эмес, ээси бололу. Акыркы күндөрдөгү социалдык тармактарда чыгып жаткан Райым Матраимов жөнүндө ушак тараткандар:
1.Джанибеков Эмирбек
2.Канатов Нурланбек Азимович
3.Хайдаров Уланбек
4.Кырбашев Солтокул
5.Роман Василевич
6.Байжуманов Медер
7.Saltanat Nyshanova
8.Кайып Шер
9.Tuigun Bekisev
10.Байтереков Арстан
11.Алпамыш Бек уулу
12.Канболотов Чоро
13.Үмөтбеков Эрболот
Тизме дагы уланат... Деги эле үйгүшкөн имиш жайылткандардын тобу атайы Матраимовду каралоо ишин жүргүзүшүп, чындыкка дал келбеген түрдүү ыплас сөздөрдү токуп чыгарышып, ар кандай иштерге жармаштырышып, көө жаап келишет. 90%ы фейктер. Тапса болот. Фейктердин артында адамдар турушат. Булар түздөн-түз карасанатайлар...
Матраимовдор да көп учурда унчукпай, бузукуларга теңелбей келишет. Тескерисинче, кычаганда күчөгөндөй болушуп, соопчулук иштерин баа жеткис кылып келишет. Кыргызстандын тарыхында мындай гуманитардык жардамдар берилген эмес. Алгылыктуу кайрымдуулукту, жаратмандык нар көтөргүс саамалыктарды кылып атышса, ичине таруу айланбагандар жалаа жаба беришеби? Мындай пастар мыйзам алдында жооп бериш керек!
Нур Заман