“Бийлик элдин үнүн укса, мамлекетте тынчтык жана туруктуулук болот”


“Кемпирабадчы” саясатчылардын келечегине кандай божомол кылсак болот?” деген кыска собол узаттык.

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:
-- “Аталаштан айылдаш жакын” деп ата-бабаларыбыз айтып келген. Бу да бекеринен эмес чыгар. Биз коңшу мамлекеттер менен сый мамиледе болуубуз кажет. Шарыятта, Чыңгызхандын жазасында да, элибиздин салтында дагы мындай нерсе бар. Бирок, айтылуу санат ырда жазылгандай: “Ийилгенге ийилгин – баалап берген кул эмес. Какайганга какайгын – көктөн түшкөн пир эмес” деген кептин баасы алтынга тете. Эл аралык мамиле, ошол эле биздин сууларыбызга, жерибизге көз артып аткан Өзбекстан менен паритеттин негизинде болуусу шарт! Ал эми “кемпирабадчы” саясатчылардын абактагы мөөнөттөрү узарып кетти... Ал жерде жыландын баласы да жатпасын. Ачык-айкын сот болуп, ага коомчулук баа берип, канчалык күнөөлөрү бар экенине ынанышса туура болот эле…

Токтогул Какчекеев, саясый серепчи:
-- “Кемпирабадчылар” камалганы жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде болуп аткансыйт, мага ушундай туюлуп атат. Анткени, мыйзамдар тез өзгөрүлүп, ыкчам кабыл алынууда. Демек, кандай каршылык болбосун, ага чара көрүлөт. Бийлик алдын ала иштеп, мамлекетке болгон коркунучтарды пастатып, түп-орду менен жоготуп салгандын технологиясын колго алган сыяктуу. “Кемпирабадчы” саясатчылардын тагдыры ушундай агымга туш болгонбу (?) деп кетем. Азыр эски ыкмалардын күчү кеткен, кандай нааразычылык айтылбасын, колуна союл алып барчулар жок. “Каралар”, “кызылдар” жана “жашылдардын” деми кеткен.

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:
-- Элге кызмат кылган – муратка жетет. Элин кыйнаган – урпагын уятка жыгат. Эл менен эсептеше албаган бийлик, эл менен эсептешүүгө мажбур болот. Аны тарых тастыктаган. Бирөөгө сын айтуу жеңил, бирок аткаруу кыйын. "Үзөңгү-Кууш кетти", "Каркыра кетти" деп канча азаматтарыбыз окко учту, жарадар болушту... Бизге тынчтык жана туруктуулук керек. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү элдин нааразычылыктарын угуп, туура кабыл алып, оң жыйынтык чыгарууга бел байлайт деп ойлойм. Арканды алыс таштап, өзүбүздү эмес, кийинки муундарга кам көрүүбүз зарыл. Өзөгүн билбеген өзгөнү сыйлайт болбой, алгач өзүбүздүн мамлекетибиз үчүн кам көрүп, элибизди сыйлайлы.











