Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Ковидден арылуунун бир эле жолу бар. Ал – вакцинация”

Айбар Султангазиев: “Ковидден арылуунун бир эле жолу бар. Ал – вакцинация”

25-март, 11:39
1 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы күндөрү коронавирус кайрадан көбөйүп жатканы саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабарланды. Сиздин прогноздор кандай? Муну менен вирустун дагы бир толкуну жакындады деп түшүнөбүзбү?

-- Азыр Казакстан жана башка мамлекеттерди карасак, аларда вирус кайрадан күчөп атат. Биздеги ооруканаларда да бош орундар азаюуда. Ушул себептерден улам толкундар башталды десек болот. Ковиддин көбөйүү себептери азырынча түшүнүксүз. Азыркысы жаңы штаммбы же мурункубу, такталбай жатат. Аны тактоочу лабораториялар да жок. Азыр ооруп жаткандардын анализдери Россияга жөнөтүлүүдө. Балким ошол жактан такталат. Дагы айта кетчү нерсе, биринчи толкундан бери 9-10 ай өттү. Анда ооругандардын иммунитеттери жок болду же азайып калды. Мурун ооругандар кайрадан ооруп башташты. Менин прогноздорум боюнча, апрелди ортолоп жана аягына барып ооругандардын саны көбөйөт. 

-- Башка өлкөлөрдүн статистикасына таянсак, бул жолкусунда жаштар арасында көбүрөөк жайылып, мурда ооругандар кайрадан ооруп атпайбы? 

-- Бул вирус өзгөрүп турат экен. Мурун жаштар арасында ооругандар аз эле. Азыркы кезде вирус жашарып жана оорурак өтүп атат. Кичинекей балдарга жукпаса экен деген коркунуч бар.

-- Саламаттык сактоо тармагынын, жалпы жарандардын даярдыгын кандай баалайсыз? Мурдагы каталар кайрадан кайталанбайбы?

-- Эгер ооругандар көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо системасы жетишпей калат. Анткени өлкө боюнча дары-дармектердин запасы 8 миң адамга эле эсептелинген. Бирок, былтыркы абал оору күчөсө кандай болорун көрсөттү. Ошондуктан вирусту жеңүүнүн бир эле жолу бар. Ал  элди вакцинациядан өткөрүү. Бирок, бул жерде дагы өкмөт вакцинаны ар кайсы мамлекеттер менен фонддордон кайырчыдай эле сурап жүрөт. Алар макул деп койгону менен качан келери белгисиз. Анткени бай мамлекеттер өз жарандарын ойлоп, болгон вакциналарды алып атышат. Алардан ашкандары биздей өлкөлөргө тийүүдө. Ошондуктан биз өз бюджетибизден каражат бөлүп, вакциналарды сатып алганга аракет кылышыбыз керек. Азыр бизге болгону 75 миң адамга жете турган доза келди. А бизге жок дегенде 3 млн. доза керек. 

-- Жаңылбасам, сиз өзүңүз экинчи жолу да оорудуңуз окшойт. Анда абалыңыз кандай болду? Экинчи ирет оорунун өтүшү кыйыныраак эмеспи?

-- Биринчи жолу тез арада айыккам. Бирок, менде ал оорудан кийин антитела пайда болгон жок. Ошондуктан октябрда кайрадан жуктуруп алгам. Анда катуу оорудум. Бир апта ооруканага жатып чыктым. Негизи ковиддин кесепеттери көп экен. Иммунитет түшүп кетип, мурунку билинбеген оорулар чыга баштайт экен. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер