Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазуучу Ишен Айтмамбетовдун тарыхый-даректүү романына пикир

Жазуучу Ишен Айтмамбетовдун тарыхый-даректүү романына пикир

09-июль, 23:53
1 166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурунку СССР мезгилиндеги советтик цензура учурунда көркөм адабиятта жана аны иликтөөдө деле согуш туткунунун тагдыры ошол кездеги мамлекеттик саясатка ылайык жабык бойдон келген. Ошентсе да буга чейин аталган тема, маселен, кыргыз адабиятында Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн романында” Абуталип Куттыбаевдин образында берилген. Ал эми орус жазуучусу А.Солженициндин “Иван Денисовичтин бир күнү” чыгармасы бүтүндөй советтик туткун лагериндеги турмушту баяндайт. Бирок өзү да согуш туткуну болгон жазуучунун тагдыры татаалдашып, мекенинен чыгып кетүүгө аргасыздык жаралганына байланыштуу бир топ чыгармалары кийин, эгемендүүлүк мезгилинде басылып чыкканы белгилүү. Ошентип, учурда согуш туткуну темасынын көркөм чагылышы адабиятта жана искусствонун башка жанрларында постсоветтик аймакта, чет өлкөлөрдө да актуалдуу каралып жаткан мезгили.

Ал эми азыркы кыргыз адабиятында КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Ишен Айтмамбетовдун жакынкы убакытта жарык көргөн «Бет-алман» тарыхый-даректүү романы ошол кенемтени толуктаган чыгарма. Улуттук адабияттын кыртышында ушундай теманы алып чыккан автордун пайда болушу кубанарлык көрүнүш экенин айтпасак да түшүнүктүү. Бизге тагдырлары туюк бойдон калышкан, туткун жоокерлердин бейнелерин ачып берип олтурат. Дүйнөлүк экинчи согуштун курамдык бөлүгүндөгү чыныгы окуяларды, туткунга түшүүнүн түрдүү кырдаалдары, алсак, башкы каарман, командир Сатар Алмамбетовдун жакын жерде болгон жарылуунун натыйжасында контузия абалында колго түшүшү ж.б.

“Аталган роман кайсы кыртышта жаралды?” деген суроого телеберүүдөгү маегинде адабиятчы Л.Үкүбаева: "Эгемен жылдарда кыргыз адабияты баардык жанрларда өнүгүп жатат, аны ичинде романистика жанры да аракетте, С.Станалиев, А.Койчиев, С.Раев, А.Рыскулов, А.Сармамбетов ж.б. роман жанрын алдыга сүрөп жатышат, ошондой эле кийинки мезгилде Б.Назаралиев жана И.Айтмамбетов деген авторлор пайда болушту, алар адабиятка өз жүзү, стили менен келишти" деген пикирин билдирген.

Бул романды жазганга автор бир топ даярдыктар, такшалуулар менен келген. Чыгармачылыгынын башталышында И.Айтмамбетов “Ала-Тоо” журналына аңгемелерин чыгарып жүргөн, 1997-жылы “Алтын” даректүү повестин жазган жана ал “Ала-Тоо – 97” адабий конкурсунун баш байгесин жеңип алган. “Туманга кирген көч” аттуу романы 2018-жылы чыккан, башкы каарман дунган уулу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Эсен Исмаилов. Ал эми биз сөз кылып жаткан “Бет-алман” романында негизинен автор реалдуу чындыктын негизинде жалпыланган көркөм чындыкты жазган жана дээрлик алты жылдан соң аталган роман жарык көргөн. Башында чыгарма эки китептен турган чоң көлөмдөгү роман болуп, анын кол жазмадагы алгачкы окурманы болгон агасынын сунушу менен автор үч жыл бою кыскартып жүрүп, бир китепке түшүргөн.

Автордун айтуусу боюнча ал башкы каарман тууралуу маалыматты 1985-жылы алгач уккан. Ошондон тарта аны тааныган, билген инсандар менен Кыргызстанда, Россияда, Германияда жолугуп, тереңдеп сураштырып, маалыматтуулугун байытат. Сатар Алмамбетов менен Сибирде чогуу түрмөдө жаткан адамга кездешип, маалымат топтогон, жабык, тыюу салынган документ катары сакталган материалдарды Москванын коопсуздук комитетинен ж.б. уюмдардан издеген. 

Журналист жана адабиятчы Э.Нурушев” “Чыгармада ойдон чыгарылган каармандар жок, баардыгы даректүү, турмушта жашап өткөн адамдар болуп, көркөм жалпыланып берилген жана жасалма эпизод, окуя, каарман жок, баары реалдуу адамдар” деп белгилейт.

Романдын башкы лейтмотиви – мекенчилдик. Эч нерсеге карабай, СССРде өзүн күтүп жаткан согуш туткунунун татаал тагдырына да кайыл болуп, бирок И.В.Сталинге кайрылып, ошол мезгилдеги согуш туткундарына байланыштуу чыккан эл аралык документтерге таянып кат жазышы, өтө сабаттуу зиректиги, терең билимдүүлүгү, эркинин күчтүүлүгү эле. Мекенге деген чексиз сүйүүсү, жоокер катары берген антынын өтөсүнө чыкканы, Кызыл дипкурьерлер мектебинин Батыш өлкөлөр факультетин артыкчылык менен бүтүргөн өзгөчө даярдыктан өткөн аскер кызматкери болгону, көп тилдүүлүгү чыгарманы окуган ар бир окурманды суктандырат жана Бет-алмандын тагдырына жүрөк сыздаган өкүнүчтү, терең урматтоону жаратат. 

Ал патриот аскер адамы, ага кошо эле илимпоздук сапаттарынын ачык мисалдары согушта жүргөн чагында алгач мектеп балдары үчүн “Кулан мерген” элдик поэмасын жазып, китеп кылып чыгарышы (Фрунзе, 1941-ж), кийинчерээк анык кыргыз баласы катары туткунда жүрүп, анын деңгээлин, потенциалын билген немецтер тарабынан берилген котормо боюнча тапшырманы аткарып, “Манас” эпосунун “Семетей” бөлүмүн немец тилине которуп чыгарууга жетишкендиги кыргыз элине, илимге сиңирген эмгеги болуп эсептелет. Илимий жагынан алып караганда, бул котормо XIX кылымдагы академик В.В.Радловдон кийинки экинчи жолу эпостун немец тилине айрым которулушу да. Тарыхый инсан, аскер башы Атилланын тагдырын, жасаган иштерин Германияда сакталып калган материалдардын негизинде карайт, ал боюнча кунсуз кол жазма материалдарды ошол оор абалында жүрүп да ал жактан издейт, муну менен кыргыз элинин басып өткөн тарыхын толуктагысы келет. Ал чейрек кылымга жакын өмүрүн Германияда жана СССРдин түрмөлөрүндө өткөрүп, акыры миң азап менен шарттуу бошоп, элине кайтып, борбордогу басмаканада корректор болуп иштейт. Өкүнүчтүүсү – “туткун, саткын” деген жаман ат жабышып калганы, жаны жалгыздыктын азабын тартканы. Ошондогу жандүйнөсүн толтурчу учуру: “Андан (жалгыздыктан – Г.Ж.) арылуунун бир аргасы дегенидир, акыл-эс жеткен ай-ааламдын алкагын, убакыт менен мейкиндикти, санжыралуу байыркы тарыхты, оомал-төкмөл турмуштун ак-карасын, дегинкиси, адамдын акыл чөйчөгүнө сыйчу илимий, көркөм, болумуш, не бир керемет сулуулукту сыйдырган китеп дүйнөсү менен алпурушуп күн кечирет” деп баяндалат.

Сатар Алмамбетов согуштун алгачкы айларында эле курчоодо калып, туткунга түшкөн соң качып, кайра кармалат, андан соң Польшадагы Освенцим концлагерине жөнөтүлөт. Ал жерде адам чыдагыс азапты көрүп, крематорийде иштеп жүрүп беш туткунду качырып жиберип, алардын аркасын жаап, качкан жолун билдирбеш үчүн өзү калып калат. Ал эми оорукта кыргыз жеринде жаткан туугандары согуш туткунунун жакындары катары бийликтен ыдык көрүшөт.

Сатарга согушка повестка келгендеги полковник А.Болушбаевдин сөзү боюнча алганда, С.Алмамбетов Кыргызстандын алгачкы комиссарларын, тунгуч аскер командирлерин, окумуштууларын жана партиялык советтик кызматкерлерин жазыксыз репрессиялаган И.П.Лоцманов, Х.Даутовдун кылмыштуу тобунун бетин ачууда өзүн жакшы адис катары көрсөткөн. Тарыхка кылчайсак, кыргыздын канчалаган мыкты уулдарын репрессия алып кеткени эл жүрөгүндөгү так, эстен кеткис жоготуу болгону айтпасак да түшүнүктүү. 

Ишен Айтмамбетов – романдагы башка каармандар Эрика Фрайзинг, Алексей Угрюмов, Петр Лутченко, Артем Кушнарев, Күлүйпа Кондучалова ж.б. каармандардын образдары жандүйнөсүнүн психологизми менен коштолуп берилип, окурманга таасир калтырат. Жазуучунун сүрөткерлиги, табият көрүнүшүн чыгарманын идеясын коштотуп берген пейзажисттиги, көркөм тил байлыгы, чеберчилиги көзгө түшөт. Эң башкысы, автор романда анын жанрдык спецификасына ылайык архивдик, турмуштук материалдар менен айкалыштырып, бир бүтүндүктө бергендигинде.

Романда ийгиликтер менен бирге эле айрым кенемтелер да бар, тактап айтканда, учкай сүрөттөп коюу, айрым учурларда азыркы заманбап нерселерди, түшүнүктөрдү ал доорго ыйгарып сыпаттап жазуу сыяктуу кемчиликтер учурайт. Бирок, булар чыгарманын кийинки басылышында жөнгө салып коюуга боло турган майда көрүнүштөр. Ошентип автор И.Айтмамбетовдун “Бет-алман” романы жана андагы башкы каарман Сатар Алмамбетовдун образы окурмандарды белгисиздиктен капысынан “жарк” этип чыга калган жаңычылдыгы, чынчылдыгы, кашкөйлүгү, элге-жерге берилген мекенчилдиги менен таңкалтырып, кубантуучу көрүнүштөрдөн болуп отурат. Бул тарыхый-даректүү роман тууралуу айтылчу сөздөр али алдыда деген терең ишеничтебиз.

Чыгарманын башында автор өзү арнап жазгандай, “Өлбөстөр полкунун катарына кошулбай калган” жоокерлердин бири, болгондо да колдун башы менен саналчу мыкты уулу Сатар Алмамбетовдун ар тараптуу инсандык бейнеси ачылган романдын сапары байсалдуу болсун! Кандай катаал тагдырга тушукса да мекенин сагынып, ага түрдүү жагдайда кызмат эткенинен жазбаган, туулуп-өскөн эл-жерин эстутумунда сактап, анын өнүп-өсүшүн, сакталышын жеке керт башынын кызыкчылыгынан жогору койгон, аны кыйбай жер түбүнөн келчү уулдары менен элибиз күчтүү.


Гулина Жамгырчиева, филология илимдеринин доктору

   "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер