Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жакын тууганым зордуктаган...”. Жашоосундагы чоң трагедияны жеңген Анара

“Жакын тууганым зордуктаган...”. Жашоосундагы чоң трагедияны жеңген Анара

08-декабрь, 17:54
1 784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жыныстык зомбулукка кабылган кыз-келиндер бул тууралуу ачык айтып чыгуудан уялышат же айбыгышат. Би-Би-Си зомбулукка каршы жүрүп жаткан 16 күндүк өнөктүктүн алкагында кезинде зордуктоонун курмандыгы болгон кыз менен маектешти.

“Менин атым Анара. Он сегиз жашымда өзүмдүн эле жакын тууганым күч колдонуп мени зордуктап салган” деп сөзүн баштады маектешим. “Ал бала биздин жакын тууганыбыз болгондуктан, ортого башка туугандарды салышты. Ошентип мени зордуктаган тууганымдын үйүнө келин болуп бардым. Бирок алар бул окуяны жаап-жашырып, ишти сотко өткөрбөш үчүн эле буга барды деп ойлойм.

Анара келин болуп барган үйүндө болгону эки жума гана жашаган. 

“Сенин калооңсуз сенин денеңе ээ болгон адам менен бир жаздыкка баш коюп жатуу тозок болду. “Травма” деген кала берет экен. Экспертиза жыйынтыгы чыгып, мен өзүмдүн таза экенимди аныктаткандан кийин ал үйдөн кетип калдым. Кетерде көп сөз уктум. Турмушка чыккандан кийин керек болсо “отуң менен кирип, күлүң менен чык” дешти. “Жашашың керек, ата-энеси жакшы дешти. Бирок мени кордогон адам менен жашай албайт элем.

Анара өткөнүнө кайрылып, анда тааныштардын бир тараптуу кодулоосуна тушукканын да эстеди.

“Мындай учурда кыз балдарга өтө оор болот. “Эми ал эркек да, эркекчилигин кылыптыр дешти. Кыз балдарды антип эч ким аябайт экен. Эркек күнөөлүү болуп турса да, кыз айыптуу болуп калат экен. Мени ал күндөрү колдогон ата-энем, бир туугандарым болбосо, депрессиядан чыгышым оор эле.

Зордуктоого кабылган кыздардын көбү бул тууралуу ачык айтып чыгышпайт. Уялышат. Башкысы, бир тараптуу айыптоолордон коркушат. Бирок Анара азыр 24 жашка келип, акыл токтотуп, жашоосундагы чоң трагедиясын жеңди. Ал өзүнө окшоп тагдыр сыноосуна кабылган кыз-келиндерге үлгү болгусу келет.

Мен качандыр бир кезде зордукталганым тууралуу ачык айтып чыккым келди. Бир туугандарым менен кеңештим. Алар мени колдошту анан Фейсбук аркылуу бул тууралуу жазып чыктым. Кыргызстанда кордолгон кыздардын саны аябай эле көп. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп, алдангандары бар. Тааныш адамдарынын зомбулугуна кабылгандары бар. Менин тагдырым мени курчап тургандар үчүн эле эмес, башкаларга да сабак болсун деп ачыкка чыктым. Бирок бул оңойго турган жок, бир жыл даярдандым. Кандай гана окуя болбосун, сынбай, талыкпай эмгектенип, алдыга умтулуу сөзсүз жеңишке алып келет.

Анара учурда Түркиядагы ЖОЖдордун биринде студент. Кыздарды турмушка чыгууга ашыкпай, ириде билим алса экен дейт.

Түркияга келгениме үч жылга таяп калды. Башында бала багуучу болуп келгем. Иштеген жерим жакшы болгондуктан, келгенден бери алмаштыра элекмин. Бирок окусам, билим алсам экен деп дегдедим. Себеби, башка чөйрөнү көрдүм. Өзүмдү сынап сынактарга тапшырып, өтүп кеттим. Билимдүүгө дүйнө жарык дейт. Жаш кыздарды турмуш курууга ашыкпай, билим алып, бутка турууга чакырат элем. Билими бар кыз-келиндер кордолбойт.

Кыргызстанда жыл сайын зордуктоо фактысы боюнча ИИМге эки жүздүн тегерегинде арыздануулар түшөт. Бирок эксперттер иш жүзүндө кордолгон кыз-келиндер саны мындан алда канча көп экенин белгилешет. Коомдун кодулоосунан айбыккан кыз-келиндер жана алардын ата-энелери көп учурда милицияга кайрылбагандыктан, чыныгы сандарды билүү кыйын.

Би-Би-Си кыргыз кызматы
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер