Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талуу маселе: Айдарбеков менен Жамгырчиев аягына чейин күрөшпөй “кусуп” беришеби?

Талуу маселе: Айдарбеков менен Жамгырчиев аягына чейин күрөшпөй “кусуп” беришеби?

03-январь, 19:30
392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга алмаштыруу боюнча саналуу депутаттар каршы добуш беришкен. Алардын катарында Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев да бар болчу. Албетте, бул көрүнүш саясый күрөш, ким кандай боёк тартса, ошондой сүрөттөлгөн сыңарындай көрүнөт. Бийликтин да, оппозициячыл күчтөрдүн дагы өз чындыктары бар. Убактылуу талаш жаратканы менен акыйкатты мезгил орнотот. Күтө туралы. Айтмакчы, темадан кичине алыстай түштүк. Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев бийликке каршылык көрсөтүшкөндөн кийин суракка чакырылышканы, мурдагы кылмыш иштери көтөрүлгөнү каңкууланган. Көп өтпөй экөө тең чет өлкөгө чыгып кетишкени, үзүл-кесил, кыска-нуска кабарларын билдиришкени белгилүү. Бирок маселенин төркүнүн, кандай күрөшүү ыкмаларына өтүшкөнүн ачык айтышкан эмес. Көп өтпөй Айдарбеков парламентте акырын пайда болду. Жамгырчиевге издөө жарыяланды. Сыягы, саясаттан убактылуу этияттап калышканына караганда, аягына чейин туруштук бере алышпай, тайм-аутка барышканы, акыры тымызын ымдашууга өтүшөбү? Ошондо тизе бүгүшөбү? Тилекке каршы, төбөлдөр кечирбей, катаал мыйзамдын жолунда сүйлөшүп коюшсачы? Же адаттагыдай “кусуп” беришип, мандаттарын тапшыруу таризинде кутулушабы? Ар кандай варианттар орун алышы ыктымал. Бул саясый күрөш да. Күчтүүлөр гана жеңишке жетишет... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер