Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт”, Марипов мамлекеттин жүгүн тарта албай калганда

“Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт”, Марипов мамлекеттин жүгүн тарта албай калганда

26-июнь, 19:54
2 155 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суу жетпей Чүй өрөөнүндөгү райондордун дыйканчылык талаалары күйүп жатат, ушул жана башка азыркы учурдагы курчуп кеткен маселелер боюнча министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеңешке чакырылган. Асманга көтөрүлгөн баалар, кымбатчылык, азык-түлүк коопсуздугу, сугат суунун тартыштыгы, кадрлар, өпчап болуп жаткан каржы, күндөн-күнгө абалы оорлоп бараткан экономика сыяктуу көйгөйлөр айтылды. Айрым депутаттар төрт айдан бери ишинен майнап чыкпаган министрлер кабинетинин башчысын “ачыбаган камырдай болбой кетпейсиңби!” дегенге чейин барышты. 

 Ал эми кеп жебеген министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов “эгер маселе менде болсо, азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргап, мындай бир удовольствие алып иштеп жаткан жерим жок, кыйынчылык болуп жатат... Бул кызматка бир секунд да кармалбайм” деди. Маңыроо депутаттар бул сөздүн төркүнүн түшүнүшкөн жок. Бир гана Б.Райымкулов “бир эмес үч жолу “кетем” дедиң, кетсең кет!” деп катуу айтты. 

“Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей, Мариповдун сөзүнөн ал мамлекеттин жүгүн тарта албай турганы, жоопкерчиликти сезбегени, ишке көңүлү жоктугу ушул кырдаалда ачык эле көрүнүп калды. У.Мариповдун айтуусу боюнча взяткасы жок жерде “удовольствие” менен иштегенге болбойт экен. Кыязы, эсеп палатасында взятка алып, “жыргап” иштегенби?

Кургакчылыкта суу жетпеген арпа, буудай, кызылча, жүгөрү талаалары күйүп кеткендиктен, эксперттер күздө түшүм 70 пайызга аз жыйналарын айтышууда. Ала жазда камырабай, кам көрбөй жүрүшүп, “көсөөнүн акылы түштөн кийин” болуп, дыйкандардын эмгеги талаага кеткенден кийин эми 200 суу чыгаруучу скважиналарды оңдоп ишке киргизүүнү пландаштырып жатыптыр, анысы деле качан бүтөрү белгисиз.

Төрт айдан бери же антикризистик программа түзө албаган Улукбек Марипов парламентте иштин жыйынтыгын талап кылышса, иштей албай жатканын мойнуна алгысы келбей, “кетем” деп ыргыштап, айтор, “кыз боозуп, энесин коркутат” дегендей эле болуптур...

Балкондо чоңоюп, оордун үстү, жеңилдин асты менен жүргөн Улукбек Марипов экс-депутат атасынын аркасы менен губернатордун жардамчысы, президенттин жардамчысы кызматтарына жетип, протекция менен өсүп көнгөн. Анан да өлкө туташ кризиске белчесинен батып, эл кыйналып жатса, ал өзү реалдуу кадамдарды жасай албай, барган жерлерин, ары-бери басканын рекламалаганды жакшы көрөт. Талаа-түзгө барса да, “Giorgio Armani” костюмун жарнама кылган мода көрсөтчү подиумга чыкчудай болуп, жасанып, короздонгон министрлер кабинетинин башчысы “өтүк кийебиз” деп кооз сүйлөгөнү менен жеңин түрүнүп, кара жанын карч уруп, тер төгүп иштегени дегеле байкалбайт... 

Кара курсагынан башканы ойлобогон, ар-намысы жок, шалтурук өкмөт башчыларынын азабын тарткан элибиз дагы деле бир топ кыйналат окшойт. Анткени өлкө экономикалык, каржы, азык-түлүк кризисинин сормо сазына батып баратат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер