Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Кутманова: “Кумтөрдө экологиялык зыяндар адам өмүрүнө коркунуч жаратат”

Динара Кутманова: “Кумтөрдө экологиялык зыяндар адам өмүрүнө коркунуч жаратат”

26-март, 20:36
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кумтөрдөгү экологиялык жалпы талаптардын сакталышына токтолсоңуз. Абал кандай экен?

-- 2012-жыл Кумтөрдө негизги экологиялык коркунучтар бар экени аныкталган. Бул жолку текшерүүгө барганда бул жылдар аралыгында кандай өзгөрүүлөр болгонун көрдүк. Эң биринчи көргөнүм, Лысый, Давыдов мөңгүлөрү толугу менен жок болуптур. Ал эми Давыдов өзү карьерге кулап калуу коркунучунда экен. Давыдов мөңгүсү жайгашкан жерди казууда ага да доо кетип, ал жерде бош орундук пайда болгон. Эми ал көчүп атыптыр. Анын көчүүсү улам жогорулап баратат. Аны токтотуу үчүн дамба курушкан экен. Бирок, ал дамба мөңгү көчсө канчалык деңгээлде туруштук бере алары чоң күмөн жаратат. 

-- Негизи мөңгүлөргө тийип, аларды жоготууга уруксат беле?

-- Азыр үчүнчү Сары-Төр мөңгүсү жайгашкан тоо иштетилип жатыптыр. Мындан болгону Борду жана Петров мөңгүлөрү өз калыбында турат. Биз Кумтөрдү иштетебиз деп мөңгүлөрдү жоготуп жатабыз. 2040-жылга карата дүйнөдөгү эң баалуу ресурс болуп таза суу эсептелинет. Азыр аны “көк алтын” деп аташууда. Ал сары алтындан алда канча кымбат турат. Биз болсо минтип өзүбүздүн кымбат ресурстарыбыздан айрылып атабыз. 

-- Калдыктарды сактоочу жайлардын жайгашканы тууралуу дагы чоң суроолор бар эле. Азыр алар кандай абалда болду экен?

-- Туура, дагы бир коркунуч – бул калдыктарды сактоочу жай болуп саналат. Ал башында 40 млн. кубга ылайыкталган болсо, азыр ал жай үч эсеге көбөйүп, андагы калдыктар 100 млн. кубдан ашыптыр. Калдык сактоочу жайдын дамбасы дайым кеңейтилип турат. Ошол жер Петров көлүнө бараткан жолдо жайгашкан. Эгер ал көл толкуса, калдык жайгашкан жерди жарып өтөт. Ошентип андагы цианид өңдүү уулуу заттар Нарын дарыясына келип түшөт. Андан сырткары, уулуу калдыктардын зыяны өсүмдүктөргө, ошол эле мөңгүлөргө барып жабышууда. Калдык сактаган жай бүгүн да коркунуч жаратууда. Мен эксперт катары 2012-жылкы отчетумда ошол жерди толугу менен жаап салуу керек деген чечим чыгаргам. Мындай сунушту эки жолу экологиялык баа берген эл аралык компания да айткан. Анын ордуна жаңы калдык сактоочу жай курулуш керек эле, бирок бул сунуш бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес.

-- Алтын алынгандан кийин калган бош топурактар көчүп, адам өмүрүн алды эле. Азыр андай коркунуч жок бекен?

-- Бош топурактардын көчүү коркунучу чоң. Аларды казып, башка жерге төгүүдө мөңгүлөр булганып, жок болууда. Муну менен компания экологиялык мыйзамдарды бузуп келди. 2012-жылы ушул кесепеттердин чыгымын 444 млрд. сом деп эсептегем. Бирок, компания бул штрафтарды төлөгөн эмес. Биздин өкмөт да ал сумманы өндүрүүгө аракет кылган жок. Ошол кездеги бош топурактардын көлөмү 1 млрд. 274 миң тоннаны түзгөн. Андан бери дагы канча млрд. тонна бош топурактар төгүлдү. Эми алар көчө баштады. 2013-жылы майдагы көчкүдө лагерь, цехтер талкаланган. 2019-жылы декабрь айында көңдөй топурактардын көчкүсүнөн эки жумушчу каза тапты. 

Ошол бош жаткан топурактар чындыгында өтө бийик экен. Алар ордунда тура бергидей тоо эмес. Ал казылып алынгандан кийинки бош топурактар болгондуктан, көчүү коркунучу өтө чоң. Жумушчулар үчүн бул кооптуу деп эсептейм. Компания мындай техникалык коопсуздук маселелерин жөнгө салыш керек болчу. Мен ошол көңдөй төгүлгөн топурактардын паспортторун сурагам. Бирок, азыркыга чейин аны берише элек. Эми булардын баарын териштириш керек. Эгер азыр компания иштеп турганда териштирип, тактап албасак, кийин экологиялык маселелер чыкса, алар Кыргызстандын мойнуна түшөт. 

-- Эгер сиз айтып жаткан маселелер чечилбесе, дагы кандай кооптуу жагдайлар орун алышы мүмкүн?

-- Биз экологиялык маселелерди жана техникалык коопсуздукту жөнгө салууну азыр чечпесек, абал өтө кооптуу. Кумтөр дагы 10 жыл иштей турганын эске алсак, анда мен айткан көйгөйлөрдү тезинен жөнгө салуу талаптарын өкмөт компанияга коюшу керек. Антпесе ошол жерде иштегендердин өмүрүнө коркунуч көп. Ал эми мурунку иштеп кеткен өкмөт буга чейин бул маселелерди эмне үчүн чечкен эмес?” деген суроо дагы ачык турат. Аны дагы териштирүү зарыл.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер