Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткендеги айылда чек арачы өзүнүн шеригин атып өлтүрдү. Себеп?

Баткендеги айылда чек арачы өзүнүн шеригин атып өлтүрдү. Себеп?

01-июнь, 21:19
1 537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-июнда Баткен районундагы Самаркандек айылында кыргызстандык чек арачы атылган октон каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришкен.

Маалыматка караганда, эки чек арачынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисине ок аткан. Андан кийин өзүн да атып, жаракат алган. Ок тийген чек арачы каза болду. Жарадар болгон чек арачы ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк такталгандай, окуя саат 15:30 чамасында болгон. Самаркандектеги чек ара заставасында 2002-жылы туулган катардагы жоокер А. уулу А. кызмат өтөп жаткан учурда чек ара кезметинин ефрейтору — 2001-жылы туулган С. уулу А.га карата «Калашников» үлгүсүндөгү куралынан белгисиз себептерден ок атып алган. Анын кесепетинен ефрейтор ок тийген жерде каза тапкан. А. уулу А. андан кийин өзүнүн оозунун алды тарабына ок атып, оор жаракат алган. Ал азыркы учурда Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Баткендеги аскер прокуратурасына бул окуя боюнча маалымат берилди.

Ал эми чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы чек арачы кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз пайдалануудан улам каза болуп, экинчиси жаракат алган. Окуя боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Учурда Баткен чек ара отрядынын жетекчилиги бул факт боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер