Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Байлык менен адам бактылуу боло албасына көзүм жетти”

Чынара Мамажакыпова: “Байлык менен адам бактылуу боло албасына көзүм жетти”

04-октябрь, 12:19
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аярзат” коомдук уюмунун негиздөөчүсү менен маек.

Байыртадан кыргыз элинин жашоосун өзгөрткөн, кеменгер, баатыр Курманжан даткага окшогон улутунун учугун улаган, караңгыдан жол тапкан энелерибиз өткөн. Ушундай улуу адамдардын учугун улап келаткан, көптөгөн мыкты сапаттардын ээси, тигүүчүлүк тармакта ийгиликтерди жаратып, “Чики” брендин негиздеп, кыргыз өндүрүшүнө өз чыйырын салып, кайрымдуулук иштерин да жасап, көптөгөн кыз-келиндерге насаатчы болуп, умтулууга үндөгөн асылзат айым Чынара Мамажакыпова менен азыноолак маектештик.

-- Чынара айым, аялзаты өтө сезимтал, коомдогу түрдүү окуяларды жүрөгү менен кабыл алып кейиген жан болот эмеспи. Коомдо айрыкча жаныңа батып, кейиткен көрүнүш менен бөлүшсөң?

-- Ар бир доордун, коомдун, муундун өз кайгысы болот тура. Биздин доорду, муунду, замандаштарды жумушсуздук азапка салды. Анын артынан жүз миңдеген мекендештерибиз чет жактарга агылды. Айрыкча канаты ката элек уул-кыздарыбыз зордук-зомбулукка кабылып, аздыр-көптүр акча үчүн, тиричилик үчүн чет жакта иштеп жүрүшөт. Жалпы биздин 70% жаштарыбыз миграцияда жүрүшөт. Миграциянын айынан канчалаган жаш балдар ата-энесиз жетилишип, көрбөгөн кордукту көрүшүп, өлүмгө учурагандары да жок эмес. Ата-энеси тиричиликтин, көроокаттын айынан балдарын сагынса да, балдары азап тартса да, бул иш уланууда. 

Ал балдар – биздин келечегибиз да. Алар да кийин ошентип ата-энесин таштап зарыктырып, алыскы өлкөлөрдү көздөй аттанышат. Биз балдарыбызды мээрим берип чоңойтпосок, келечекте ал балдардан кайра кантип мээрим күтөбүз? Алар бизди кантип карайт? Биздин жашообуз орустардыкына окшошуп бараткансыйт. Орустар карыганда жалгыз калып, башка бирөөлөр көмүп коюшат. Тилекке каршы, кыргыздарда дагы мындай жагдайлар көбөйүп баратканы зээнимди кейитет. Бул өтө өкүнүчтүү. Аягы барып ыймансыздыкка алып келет. Жумушсуздуктан көп үй-бүлөлөр ажырап, балдар тирүүлөй жетим калып, коомдо терс окуялар орун алууда. 

-- “Аярзат” коомдук уюмунун негизделишине да ушул окуялар себепкер болсо керек?

-- 2006-жылы балалуу болдум. 2007-жылы экинчи балалуу болдум. Эне болгондуктан, наристелер көзүмө ушунчалык жакшы көрүнгөндүктөн, жетим калган балдарга карата аёо сезимим күчөп, 2008-жылы “Керемет келечек” деген жетим балдар үйүн ачтым. Ошол үйдө жалаң ата-энеси жок балдарды мектепке чейинки программа менен окутуп, тамак, кийим менен камсыздап, балдар бакчасы сыяктуу эле жакшы билим берип, ишибизди улантып келебиз. 

 Мурдатан эле кайрымдуулукту элге көргөзүп-көргөзбөй жасап келчүмүн. Атайын кайрымдуулук иштерин көп жасоо ниетинде “Аярзат” деген коомдук фондду ачтым. Бул бир гана финансы жактан жардам бере турган фонд эмес. Бул жалпы Кыргызстанда эмне аёого татыктуу болсо, ошонун баарын аяп, материалдык, моралдык мыйзам ченемдер менен адвокаттык, психологиялык жардамдарды берүү үчүн негиздедик. Менин энем дагы онкологиялык оору менен 7-8 жылдай алышты. “Энем да бул иштериме түрткү берди” десем жаңылышпайм. Онкологияга көп ирет башбактым. Ал жерде ооруп жаткандарды көп көрдүм. Ооругандардын 90%ы жашоодон кетерине күбө болдум. Оорукчандарга, кароосуз калгандарга, деги эле аяй турган ким болсо, аларга жардам берүүгө белсенип, аталган коомдук фондду ачтык. 

Бул дүйнөгө эмнеге жаралдым? Жок дегенде, эң болбоду дегенде, жакшы сөзүмдү айтсам дагы, ошол адамды жашоосунун оңолушуна салым кошсом, мен бактылуумун. Ошондуктан Кудай мага бере берсин. Мен адамзатка жардамдашып, көпүрө болуп, миссиямды уланта берем.

-- Коронавирус каптаган учурда эл арасында болуп, жардамга муктаждарга берген жардамың жүрөк жылытты...

-- Фонд ачылар алдында мындай илдет келип каптаарын билген жокпуз. Жакшы ниет менен ачкандан кийин карантин убагында колубуздан келген жардамды аябадык. “Дүйнө жүзү кырылып жатат. Биз деле кырылып кетебизби?” деген коркунучтуу ойлор болду. Жакшы иштеримди эл үчүн арнадым. “Садага берүү менен балээ кырсыктан сактанасың” дегендей, биз дагы колдон келген жардамыбызды аябадык. Дарыгерлерге костюм, беткаптарын даярдап берип жаттык. Канчалаган адамдар жумушсуз калды? Аларды үйүнөн иштетсек да жумуш менен камсыз кылып, тамак-ашын жеткирип турдук. Алар бүгүн да ыраазычылыктарын айтып түгөтө албай келишет. “Алган колдон берген кол артык” экенин мен бүгүн дагы далилдеп кетем. Байлык адамга бактылуулук алып келбейт. Зарылып турган адамды кубандыруу – мен үчүн бакыт. Ишимдин алгалашын дагы да Жараткандан сурайм. Бул – менин миссиям. Жокту да, орто жашоону да, барды да көрдүм. Байлык менен адам бактылуу боло албасына көзүм жетти.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер