Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашабызбы? Карызга той берип алып, кыйналып жатабыз...

Ажырашабызбы? Карызга той берип алып, кыйналып жатабыз...

26-ноябрь, 12:00
7 769 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төрт жылдан бери тойдун карызын төлөп келебиз. Карыз төлөөдөн чарчап, акыры жолдошум экөөбүз уруша баштадык. Биз үйлөнгөндө кайын журтум “эл эмне дейт?” деп чоң той бергенбиз. Ага кеткен чыгымдын баарын карызга алышыптыр. Эки айдан кийин кайын журтум бизди батирге бөлүп, “эми карызыңарды төлөп алгыла” деп койду. Ошону менен ар бир айдын аягында же башында кредит төлөп келебиз.

Пайызы көп болгондуктан, биздин тапканыбыз батир менен кредиттен артпайт.  Дагы 300 миң сомубуз калды. Эми аны качан төлөп бүтөбүз?.. Бизге окшоп карызга той берип, кыйналып жашагандар, кантип үй-бүлөлүк бакытты кармап келесиңер? Карыздын айынан ажырашып кетебизби? Ойлоном, корком...


Элиза 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер