Кытайдагы белгисиз вирустан 3 адам каза тапты
Кытайда белгисиз корона вирусту жуктурган үчүнчү адам каза тапты. Ал эми бул ооруну жуктуруп алгандардын саны 198ге жеткенин аталган шаардын саламаттыкты сактоо комитети билдирди.
Ошондой эле оорулулар менен тыгыз байланышта болгон 817 киши текшерүүдөн өтүп жатат.
Пневмонияны өөрчүтүүчү бул белгисиз оору Кытайдын Ухань шаарында катталган. Эксперттер баасы жергиликтүү калктын саны жана учак жүргүнчүлөрүнүн санына негизделген. Ухань шаарында болжол менен 19 миллион калк жашайт, ал эми эл аралык аэропорт аркылуу күнүнө 3,4 миң чет өлкөлүктөр саякаттап турат.
Кытайда буга чейин белгисиз корона вирусту жуктургандардын саны 1,7 миңден ашышы мүмкүн. Бул тууралуу Лондон Императордук колледжинин алдындагы жугуштуу ооруларды глобалдуу анализдөө борборунун иликтөөсүндө айтылат.
Aryba.kg