Толгонай Осмонова: “Чоор үйлөп чоң дүйнөнү тааныган адамгерчиликтүү, мекенчил шакирттерди өстүрсөм»

Учурда борбор калаабыздагы музыкалык мектептерде шакирттерди тарбиялап, «Салттуу үйлөмө аспаптардын хрестоматиясы» аттуу көлөмдүү китепти жарыкка чыгарып, кыргыздын унутулуп бара жаткан үйлөмө аспаптарын жаңы нук менен жаштарга үйрөтүп, искусствого салымы зор Толгонай Осмонова менен маек курдук.
-- Толгонай, үйлөмө аспаптар боюнча өзүнчө бир муунду таптап, бул улуттук аспаптарыбызды даңазалап жүрөсүң. Музыка дүйнөсүнө же үйлөмө аспаптарга кызыгуу кандайча ойгонду?
-- Бала бакчага барып жүргөндө эле музыкадан берген эжем менин музыкага болгон шыгымды байкап, «Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына бергиле» деп ата-энеме айтканы эсимде. Бирок №5 гимназияда окудум. Бала кезимен ырдаганды жакшы көрчүмүн. 4-класстан тартып Бишкек шаарындагы №8 балдар музыкалык мектебинин комуз классын окуп бүтүрдүм. Негизи атам жакшы ырдайт, тайларым дагы музыкага шыктуу. Бирок үй-бүлөбүздө мен гана музыканы аркаладым. Мага биздин улуттук музыкалык аспаптарыбыз абдан жагат, комуз, кыл кыяк, чоорлор, какма, урма аспаптар, алардын өзгөчө добушу табигый материалдардан жасалышында го (?) деп ойлойм. Айрыкча ушул аспаптардын ансамбль болуп биригип ойнолушу абдан жагат, добуштары керемет айкалышып турат. Ошондон уламбы, окуумду андан ары улап, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны чоор классы боюнча окуп аяктадым. Ушул аспапты тандаган себебим, комузду жетишерлик деңгээлде жакшы эле чертчүмүн. Кыл кыяк дагы жагат, бирок үйрөнүүгө кыйын, оор сезилчү. Ал эми чоорлордун добушу мага абдан жакчу, бир чети мен окуган убакта чоорчулар да аз санда, жакшы өнүгө элек кез эле. Бул аспаптардын көлөмү башка аспаптардан кичирээк, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу мультиаспаптар деп атап койсок болот.
-- Салттуу үйлөмө аспаптар боюнча көлөмдүү китебиң да жарыкка чыккан экен...
-- Бул мектептерде иштеп тажрыйба топтоп, акыры «Салттуу үйлөмө аспаптардын хрестоматиясы» (чопо чоор, сыбызгы, чогойно чоор) деген 430дай беттен, 130 чыгармадан турган китеп жазып чыгардым. Бул китепти жазууга үч жылдай убакыт кетти. Өтө көлөмдүү болду. Материалдарды топтоп, ноталарды компьютерде өзүм терип чыгып, чоор аспаптарында андагы чыгармаларды аткаруу ыңгайлуу болушу үчүн тоналдуулуктарын, айрым штрихтерди өзгөртүп жазууга туура келди. Бул чоорчуларга, чоор сүйүүчүлөр үчүн абдан керек жана көптөн күткөн китеп болду. Себеби, чоор аспабы үчүн репертуар тартыш болуп келген эле. Алдыда дагы чоордо ойноого үйрөнүү боюнча окутуу методикаларын иштеп чыгып, окуу курал катары китеп жазуунун үстүндө иштөөдөмүн. Андай китептер дээрлик жокко эсе. Келечекте кыргыз элимдин маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымымды кошуп, элге, жерге мээнетин аябаган, адамгерчиликтүү, мекенчил шакирттерди даярдасам дейм.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити