Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды Тиллаев “жаңы кожоюндун” аркасы менен министрдин орун басарлыгына секиргенде

Таабалды Тиллаев “жаңы кожоюндун” аркасы менен министрдин орун басарлыгына секиргенде

14-февраль, 19:01
1 016 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаевдин жол тапкычтыгына, куйтулугуна таңгалгандар, кыжырдангандар толтура. Биз саясый жагынан гана учкай сүртүм жасайлы. Бул эргул 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, “чоң үйүргө” аралашып калды. Саясатта кимдин таасири күчтөнсө, ошол жакка ыктап, дайыма туруксуздугун көрсөтүп келген. 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аламанга аттанып, бирок аягы төңкөрүш менен шайлоо жокко чыкканы белгилүү. Заман өзгөргөнү Тиллаев ары-бери урунуп, акыры “кожоюнун” тааптыр. “Серый кардинал” Арзыбек Бурканов менен өткөн жылы ымаласы келишип, барган сайын “ысыганын” ушундан билгиле, кызматтык секирик жасады. Таабалды Тиллаев депутат болгончо ишкерликте жүрүп (аялынын аркасы менен), мамлекеттик кызматта иштебей эле транспорт жана коммуникация министринин орун басарлыгына жетти. Баракелде! Эске салсак, аталган системада министрлер, орун басарлар, башкармалыктын начальниктерине чейин коррупцияга аралашып, камалып атышчу эле, эми колу туткак “каарманыбыз” соо калат дейсиңерби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер