Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карганбектин бети кызарбай, соттолгон баласы Кубанычбек Самаковду шайлоого алып чыкты

Карганбектин бети кызарбай, соттолгон баласы Кубанычбек Самаковду шайлоого алып чыкты

14-август, 10:09
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Экс-депутат Карганбек Самаковго “2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарындагы 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган” деген айып тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бир катар шериктери да соттолушкан эле. Ошолордун катарында баласы Кубанычбек Самаков 8 жылга кесилген. Бирок, убакыттын өтүшү менен мант беришет тура. “Калбырларын” чала-була тазаламыш этишип, кайрадан баш көтөрүшкөнүн карабайсыңарбы? Учурда Кубанычбек Самаков бир мандаттуу Ленин районунан Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп, оозун куу чөп менен аарчыгандай чыга келди. Атасы менен кечээ элдин жерин, ырыскысын майкандашып, байып алышып, анан кайра саясатка тумшуктарын мала беришеби? Карганбек бети күйгөнүнөн элдин астына чыга албай, баласын түртүп аткан чагы. Натыйжада, Кубанычбек Самаков да оор кылмыш иштерине кириптер болгонун, түрмөдө отурганын кайда жашырат? Булар элди малга теңеп алышканбы? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дейт. Алдым-жуттумга берилишкени, алдамчылык, уурулук менен жан багышканы сот тарабынан далилденип, өкүм чыкканын кантебиз? “Кар жаады, из басылды” дегенге эрте. Шайлоочулар деле келесоо эмес да, коррупцияга айыпталган Кубанычбек Самаковго добуш бергидей... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер