Эсенгул Исаков, коомдук ишмер: “Айыл чарба министрлиги эски көз караштан чыга албай койду”

-- Эсенгул ага, айыл чарба министрлигинин учурдагы кылып аткан иштеринен кабарыңыз барбы?
-- Айыл чарба министрлиги 30 жылдан бери эле “жапайы сууну талаага жиберсең – арыкта аң калат” дегендей эле илгерки жол менен кетип атат. Эски көз караштан чыга албай коюшту. А бирок, азыркы турмуш-жашообуз башка багытты, ачык жолдорду талап кылып атпайбы. Базар системасы кирди, жеке менчиктер өз алдынча кетти. Аларга министрлик команда бергенди таштап, тейлөөнү жакшыртып, сатып алуу тармагын бүгүнкү жашоого ылайыктап жүргүзүшү керек эле. Ошол жагынан аксап атышат. Канткенде дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатып алабыз? Экспортту көбөйтүш үчүн кандай иш-чараларды кылуубуз кажет? Мамлекет бу жагынан дыйкандарга кандай жардамын сунуш кыла алат? Дүйнө жүзүндө органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана туура пайдалануу маселеси көтөрүлүп атканда, бул багытта кандай реформаторлук иштерди жасаса болот?
-- Мен бир нерсеге таңгалам, айыл чарба министрлигине ким келбесин, эмнеге Бекболот Талгарбековго, Жамин Акималиевге жана сизге окшогон такшалган, кыбыр эткендин баарын билген адис адамдарды чакырып, кеңешип, өздөрүнө тартып, акылдарын пайдаланышпайт? Намыстанышабы же башка себептери барбы?
-- Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Өзүң айткандай, бизге окшогон адис адамдарды кайсы гана министр келбесин, чакырып кеңешкендерин ушу кезге чейин көрө элекмин, болгон эмес. “Улуулардын тажрыйбасын пайдаланбаган жетекчилердин келечеги жок” деген эле кеп. Жакында эле Бүткүл дүйнөлүк агрардык форум өттү, ага деле биздей адистерди чакырышкан жок...