Каныбек Осмоналиев: “Мугалимдерге мамлекеттик кызматкер деген макам берилиши керек”


-- Агай, быйылкы окуу жылына ЖОЖдорго 6 миң гранттык орун берилиптир, анын 4663ү педагогикалык кадрларды даярдоого экен. Бул жетиштүү деп ойлойсузбу?
-- Бул эң туура чечим болду. Анткени, мугалимдерди мамлекеттик деңгээлде сапаттуу даярдоо азыркы учурда биз үчүн чоң старегиялык маселе. Эгер менин эркиме койсо, И.Арабаев атындагы университетти толугу менен педагогикалык окуу жайына айлантып, болгон шарттын баарын түзөт элем.
-- Бирок, мугалимдик кесипке кызыккандар азайып баратпайбы? Аны кантиш керек?
-- Туура. Кептин баары ушунда болуп атпайбы. Мамлекет мугалимдикти кадыр-барктуу, келечектүү кесипке айландыруу үчүн кам көрүүгө тийиш. Ансыз болбойт. Мен бир мисал келтирейин, Японияда мугалимдер үчүн атайын дүкөндөр бар, шаарларда аларды ташыган атайын унаалар каттайт. Мындан башка жол жок. Айтылуу Македонский деле өзүнүн мугалими Аристотелге баардык шарттарды түзүп берген. Кытай, Индия, Египеттеги классикалык мисалдарды айтпай эле коёюн. А биз болсо аларга чеке жылытарлык шарт түзбөй эле, “окутуу начар, балдардын билими төмөндөп кетти” дейбиз. Менин оюма койсо, мугалимдерге “мамлекеттик кызматкер” деген макам берилсе жакшы болот эле.
-- Азыр унутуп атам, кайсы бир өлкөдө аларга мамлекеттик кызматчы статусу берилген.
-- Японияда. Мамлекеттик кызматчыларга тийешелүү болгон баардык жеңилдиктер, жөлөк пулдар берилгенде гана мугалимдин аброю көтөрүлөт. Билим берүүнүн сапаты жогорулап, мугалимдерге катуу талап койгонго жол ачылат. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү, аларды аттестациядан өткөрүү шартын дагы сөзсүз аткарышыбыз керек. Анан калса, мугалимдерге социалдык кепилдик берүү зарыл. Союз учурундагыдай көмүрүнөн жарыгына чейин бекер берүү керек. Мына ушундай нерселерди жасабасак, маселе чечилбейт.
"Азия Ньюс" гезити











