Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Интеллектуал дааватчы Нуржигит Кадырбековго талибандар кызыга баштадыбы?

Интеллектуал дааватчы Нуржигит Кадырбековго талибандар кызыга баштадыбы?

30-сентябрь, 10:46
2 263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку убактарда сакал коё калган Нуржигит Кадырбеков шайлоого өз күчү менен барарын, ар кимге бирикпей турганын айтып чыкты. Каражатсыз кантип чоң саясатта туйламак эле? Бул боюнча баш катырганча бир божомолдун негизи бардай сезилди...

Ашкере динчил Нуржигит Кадырбеков интеллектуал дааватчы экени белгилүү. Жүргүзгөн идеологиясы Ислам мамлекетин курууга жакындашабы? Бул жааттан санаалаштары менен издешпей табышабы? Айрым маалыматтардан алганда, ага талибандардын лөктөрү кызыгып атканы, ой-мүдөөлөрү, кулк-мүнөздөрү окшошуп кеткени бекер жерден эмес го? 

Былтыркы парламенттик шайлоодо “Ыйман Нуру” 50-60 миңдей шайлоочунун ишенимине ээ болгон. Бул катмар динчилдер, дааватчылар экени белгилүү. Октябрь окуяларынан кийин Нуржигит маданият, маалымат жана спорт министри катары дайындалды. Мындай карьералык секириктин дагы уландысы барбы? Дал ушул өңүтү талибандарды өтө кызыктырары, жогорку бийлик бутагына келүүгө даярдыгын болжошкону, анүчүн каржылык жактан колдоо жеңишке жеткирерин ойлоштубу? Алдыдагы парламенттик шайлоодо сакалчандардан миллиондор келсе, тили буудай кууруган Нуржигит Кадырбековго оомат оойбу? Талибандардын бийлигин алып келбейби? Афганистанды басып алган “тилектештери” Тажикстанга күч колдонуу, согушуу аркылуу кыр көрсөтө баштаганы ырас. Ал эми бизге кандай ыкманы колдонушары кылтыйдыбы?..

Кыргызстандын Конституциясында дин саясаттан тышкары экени бадырая жазылып турат. Биз светтик өлкөбүз! Ага болбой эле бок-жинибиз аралашып, деги кайда баратабыз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер