Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамат Айбалаев: “Чек ара маселесинде убакыт тажик тарапка иштеп жатат”

Мамат Айбалаев: “Чек ара маселесинде убакыт тажик тарапка иштеп жатат”

20-февраль, 11:39
1 758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чек ара меселелерин чечүү талабы менен активисттер өкмөткө, президентке кайрылууда. Көптөн берки көйгөйдү чечүүгө бүгүнкү бийликтин дарамети жетеби?

-- Азыркы бийликти көпчүлүк эл шайлаган. Бир аз күтүү керек. Анткени, чек ара маселеси өтө оор. Көп убакытты талап кылат.

-- Негизи эки тарап жай отуруп, кеңешип, такташып алууга болобу?

-- Ал үчүн эки тарап бекиткен график менен тынбай иштеш керек. Тилекке каршы, убакыт тажиктерге иштеп жатат.

-- Митингге чыккандардын айтымында, чек ара маселесин жергиликтүү чиновниктер саясатташтырып алган экен. Мунун чындыгы барбы?

-- Андай ири фактыларды тийиштүү органдар текшериш керек.

-- Мамлекеттик кызматтагы адамдардын чектеш аймактардагы жерлерди саткан учурлары да болгонбу?

-- Мен да ошондой уккам. Аны тийешелүү органдар териштириш керек эле...

-- Тажик тарап ар түрдүү методдор менен улам бери көздөй жылып келатканы жөнүндө да айтылды. Бул тууралуу эмне дейсиз?

-- Бул тажиктердин методу. Алар СССРдин убагында эле ушундай эле.

-- Дайыма эле чыр чыкканда эки тараптуу сүйлөшүү жүрөт. Бирок, иш андан ары жылбайт. Себеп?

-- Анын себеби, биздин жетекчилердин боштугу, кызыкпагандыгы, терең маани бербегендигинде. 

-- Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында тажик тараптагылар бак тигип, үй салып жаткандары айтылууда. Жалпысынан кошуна жак биротоло отурукташып алган айылдар барбы?

-- Баткен районунун территориясында тажиктердин үч чоң айылдары (Ворух, Мачаи, Көк-Таш) бар. Азыркы чыр окуя болсо Көк-Таш айылы менен Төрт-Күл суу сактагычынын аралыгындагы Баткен–Лейлек (Исфана) жолунунун жанындагы кыргыздын жерлерин тажиктер өздөштүрүп жатканына байланыштуу чыгууда.

-- Чек ара маселесин тезирээк чечип алуунун сиз билген жолдору жана сунуштары кандай?

-- Жолдору, сунуштары, варианттары бар. Бирок, аны уккан, аракет кылып иштеген бирөө жок.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер