Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажик тарапка аткезчилик товарларыбызды ташыганды токтотолу

Тажик тарапка аткезчилик товарларыбызды ташыганды токтотолу

06-март, 13:38
842 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушуга чейинки кемчонтой президенттердин айынан 30 жылдан бери чек ара тилкебизди бекемдей албай келебиз. Анан калса коомубуз демократия деп эле, жоопкерчиликти атайын унутта калтырып, укугубузду талап кылганды өтө жакшы өздөштүрүп алдык. Дегеним, башчыларыбыз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чек ара маселесин чечүүдө туура жолду тандап алышты. 

Туура, чек ара өтө татаал иш, 30 жылдан бери чечилбеген, бир айда чечиле койчу маселе эмес. Ошондуктан бийликке догурунганды токтотолу. Чек ара маселеси чыкса эле “район, облус акимдери, президент, өкмөт иштебей жатат” деп элди дүрбөтүп чуу салганды коёлу. Кечээ күнкү чек ара чырында туура эмес маалымат берип, тажиктердин чек арачылары Кыргызстанга кирип келип, беш адамыбызды байлап-матап туруп алып кетишти эле, “кокуй эле, кокуй! Бийлик каякты карап отурат?” деп туугандары, айылдаштары чын-төгүнүн билбей туруп бүт Кыргызстанга айгай салып чыгышты. Анысы суу кечпеген билдирүү экени мына эми билинип отурат. Көрсө, ошол беш адам тажик чек арасын бузуп, Тажикстандын мал базарына мал сатып алганы барышып, кайтып келе жатканда тажик аймагынан “чек араны бузуп өтүп бара жатышыптыр” деп кармалышыптыр. Тажик мыйзамы боюнча бир адам чек араны бузса, бизче 300 миң сом айып пул салынат дегени бар экен. Ошондуктан убактылуу кыргыз-тажик чек арасы талаш-тартыш болуп турганда, баткендик мекендештеримен суранат элем: соода-сатыгыңарды өзүбүздүн эле аймакта жүргүзгүлөчү? Тажик тарапка суутуп коюптурбу?! Алар кичинекей эле маселени пилге айлантып, бүтүндөй мамлекетке ыңгайсыздык жаратып жатканы жалганбы? Ошондуктан мекенчил сезимибизди күчөтүп, тажик тарапка аткезчилик товарларыбызды ташыганды токтотолу. Азыркы бийлик чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, аны чечүүнүн аракетинде. Биз болсо бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бийликке убакыт берип, колуна кол, бутуна бут болуп кош колдоп жардам берели.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер