Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлис Асановдон башка абийирдүү жетекчи болгондо, кызматтан кетип калат беле?

Марлис Асановдон башка абийирдүү жетекчи болгондо, кызматтан кетип калат беле?

10-май, 23:47
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сузактагы окуя көп адамдарды бушайманга салды. Отуздан ашык адамды портер тебелеп кеткен видеону көрдүк. Кабыргабыз кайышты. Канчалаган үй-бүлө кайгыга батты? Ириде ал жерде коопсуздук эрежелери сакталбаптыр. Күнөөлүүлөр жазаланса адилеттүүлүк орун алат. А эң оболкусуна келсек, милиция коомдук-коопсуздуктун алдын алып, балдарга этияттык, камкордук жасалганда, жаман көрүнүштү көрбөйт элек. Андай массалык иш-чараны Жалал-Абад ОИИБ начальниги Марлис Асанов тыкыр көзөмөлдөшү керек эле. Жетекчинин шалаакылыгы, кайдыгерлиги кашкайдыбы? Териштирүү иштери кандай жүрүп атат? Эң биринчи кезекте милициянын жоопкерчилиги каралышы шарт. Эгерде Марлис Асановдон башка абийирдүү жетекчи болгондо, өз арызын жазып, кызматтан кетип калат беле? Милициянын көңүл бурбаганы коомчулук тарабынан да сындалууда. Кызмат колдун кири, баарынан адам өмүрү, ден соолук жогору турат эмеспи. Дыкат териштирүү, терең талдоолордон кийин тийешелүү жетекчилерге баа берилиши керек. Өзгөчө Жалал-Абад ОИИБ начальниги Марлис Асановдун ишмердигине кандай карайбыз? Жазасын алабы?  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер