Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Баалар 70%га чейин өстү, элдин айлыгы көбөйгөн жок”

Элдар Абакиров: “Баалар 70%га чейин өстү, элдин айлыгы көбөйгөн жок”

17-сентябрь, 13:29
3 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сегиз ай ичинде инфляция 6,2%ды түзүптүр. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7,6%га кымбаттаган экен. Тышкы соода жүгүртүү январь-июлда 3,8 миллиард сомду түзүп, жыл ичинде 19,6% өссө, экспорт 16,5% төмөндөп, импорт 40,3% жогорулаган.

-- Инфляция болуп жатат, экспорт жок, баалар асмандады. Карапайым калктын көрөр күнү кандай болот?

-- Инфляциянын, соода жүгүртүүнүн өсүшү баары бири-бирине байланган. Импорттун 40% өсүшү – демек, ковид азайып, дүйнө кыймылдап, соода жанданууда. Кытайда завод-фабрикалар иштеп баштады. Бирок, тилекке каршы, Казакстан аркылуу жүктөр абдан жай келип жатат. Муну көптөгөн импортерлор, өндүрүшчүлөр айтууда. Экспорт төмөндөгөнү жаман көрсөткүч. Экспорт чыкса, Кыргызстанга акча кирет. Импорт кирсе, Кыргызстандан акча чыгат. 

Өсүмдүк майы, кумшекерге окшогон азык-түлүктөр 70%га чейин кымбаттаганы байкалды. Бирок, элдин айлыгы көбөйгөн жок. Пенсияны, мугалим, дарыгерлердин маянасын көтөрүү керек. “Бюджетке кошумча миллиард сом” дегенинин негизги себеби – бул инфляция. Долларга карата сомдун курсу түшүп кеткенине байланыштуу бюджетте акча бар. Бул акчаны тез арада айлык көтөрүүгө жумшабаса, эл кыйналууда.

-- “Пенсия, пособие көтөрүлөт” деп жатат, бирок бюджеттин абалы кандай? Көтөрө алышабы?

-- Негизи инфляцияга чактап көтөрсө, ошого жараша бюджетте акча бар. Мурун 40 сомдук канттан 12% салык алынса, азыр 60-70 сомдук канттан алынганы үчүн бюджетте акча көбөйдү. Бирок товардын көлөмү көбөйгөнү эмес, сомдун наркы түшкөнү буга себепкер. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер