Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Орто Азияга байланган шакекчени бууп, өзүбүздүкүн иштетели...”

Расул Умбеталиев: “Орто Азияга байланган шакекчени бууп, өзүбүздүкүн иштетели...”

28-январь, 18:00
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Энергетикалык авария, анын түйүнү элге кызык болуп турат. Орто Азиядагы бириккен шакекчеден чыгып кетүү мүмкүнбү?

-- Чындыгында кечээ күнү саат 10дон 57 мүнөт өткөндө Казакстанда ири авария болду. Энергетика колдонуучулар кескин түрдө көбөйүп кетип, ошол жерде көмөкчү чордондор иштен чыкты. Бизде Орто Азия боюнча энергетикалык шакекче, б.а. Казакстан, Өзбекстан ушул үч мамлекет толук кандуу ГЭС, ТЭЦ жылуулук борборлорунун баары бирдиктүү энергиялык системада иштейт. Ошонун негизинде кайсы жерде электр энергиясы көп колдонулса, ошол жерге электр тогу барат.

Кыргызстан боюнча айтсак, бизде Токтогул ГЭСи, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата андан кийин Бишкек, Ош жылуулук борборлору бириккен Орто Азия өлкөлөрүнүн энергетика системасына кирет. Ошону менен бирге ар бир ГЭСте атайын көмөкчү чордондор бар. Ири энергетикалык авария Бишкек жылуулук борборуна, башка ГЭСтерге да таасирин тийгизди. 

Көмөкчү чордондордо автоматтык түрдө коргоо системасы иштеп, баарын өчүрүүгө дуушар болду. Сиз белгилегендей, Казакстандын, Өзбекстандын таасири да келип жатпайбы. Биз Орто Азияга тийешелүү шакекчени буушубуз керек. Энергетикалык системаны бузуп, Казакстан менен Өзбекстанга байланган шакекчени үзүп туруп, өзүбүздүн шакекчени иштетиш керек. Себеби, бизде кубаттуулугу чоң – 500 киловаттык көмөкчү чордондорубуз бар. Түштүктө өндүрүп жаткан электр энергиясын түндүккө алып келишсе, толук кандуу Чүй, Бишкек, Талас, Нарын, Ысык-Көл аймактары электр энергиясы менен камсыз болот. Кечээ күнү өзүбүздүн ошондой шакекчени ишке киргизип, элди электр энергиясы менен камсыз кыла башташты. Ири аварияга биздин курулган энергосистема туруштук берди. Ошонун негизинде өз убагында коргоо системасы ар бир көмөк чордондо иштеп калып, авария уланган жок.

-- Мындан ары кандай болот?

-- Кыш бүткөнгө чейин өзүбүздүн шакекчени иштетип турушубуз керек. Жыл сайын суук мезгилде (20-декабрдан баштап 20-февралга чейин) Орто Азия бириккен энергосистемада дайыма ушундай авариялар болушу мүмкүн. Орто Азиядагы энергетикалык шакекчеге кошулсак, эртең кечээкидей авария болбой койбойт (!) дегенге кепилдик жок. Кайра эле кайталанышы ыктымал. Энергетикалык коопсуздуктун улуттук коопсуздукка түздөн-түз байланышы бар. Буга баарыбыз күбө болдук. Жарык өчкөндөн кийин баардык система, кыймылдар токтоп калды. Электр энергиясы биздин экономикабызга дагы, социалдык көйгөйлөргө дагы таасирин тийгизет. Ошондуктан улуттук энергетикалык коопсуздукту коргоп жүрүшүбүз зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер