Үйлөнүү тоюм күнү буркурап-боздоп ыйладым...

Кайрадан сени ойлой баштадым. Көкүрөктө, жүрөктө тынчтык жок. Ар бир сөзүң, ар бир көз карашың канжар сымал жүрөгүмдү сайгылайт. Бир калаада туруп, бирок, сен менден ушунчалык алыстасың. Бул жарык дүйнөдө жалгыз адамым болсоң да кол үзүшүүгө туура келди.
Бул жарык дүйнөдө сенин барыңды сезип, издеп жүрүп тапкан элем. Өз бактым үчүн күрөшүп, сени өзүмдүк кылып азгырып алууга да кудуретим жетмек. Бирок, андай кадамга бара албадым. Сени үй-бүлөңө, бала-чакаңа кайтаргым келди. Бул дүйнөдө сага кылган жакшылыгым ушул болсун дедим. Сени ушунчалык сүйүп туруп, сага таптакыр жолукпай тургандай чечим кабыл алдым. Көптөн бери колумду сураган, бирок, мен сүйбөгөн жигитке турмушка чыгууга макулдугумду бердим.
Үйлөнүү той күнү буркурап, көзүмдөн жаш токтобой ыйлай бердим. Көкүрөк толо бук, муң-зар, сагыныч эле. А адамдар мага бакыт каалап жатышты... Өчпөгөн сүйүү каалап жатышты... А мен ичимден “кайдагы бакыт, кайдагы сүйүү” дейм.
Ошентип, жаңы турмуш башталды. Жүрөгүм бырчаланат. Кайрадан сени ойлой баштадым. Көкүрөктө, жүрөктө тынчтык жок. Ар бир сөзүң, ар бир көз карашың канжар сымал жүрөгүмдү сайгылайт...
Аксаамай Д.