Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков, эксперт: “Акылбек Жапаров менен Таалайбек Ибраев мамлекетке зыян алып келүүдө”

Эрнест Карыбеков, эксперт: “Акылбек Жапаров менен Таалайбек Ибраев мамлекетке зыян алып келүүдө”

13-ноябрь, 10:47
593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эрнест мырза, эмнеге Акылбек Жапаров менен энергетика министри Таалайбек Ибраевди жоопко тартуу маселесин көтөрө баштадыңыз?

-Акылбек Жапаров менен энергетика министри Таалайбек Ибраев мамлекетке зыян алып келип атышат. Өкмөт башчы өткөн жылы ТЭЦтин от казандарын фирмага берем деп өзүнүн чечимин чыгарып, анан энергетиктер, коом каршы чыгып, ал чечим четке кагылган. Бирок, жоопко тартылган эмес. Быйыл Камбар-Ата – 2 ГЭСиндеги 30 мВт кубаттуулукту чыгарыш үчүн тендерсиз эле бир шылуун фирмага уруксат берүү үчүн өкмөттүн токтомуна кол койгон. Токтомго ылайык ортомчу фирма 30 мВт/саатты чыгарыш үчүн 1,5 млрд. сом коротот экен. Ал эми энергетика министри шылуун фирма менен станциядан чыккан электр энергиянын нарк баасы аркылуу кутулат экен. Электр энергиянын нарк баасы 25 тыйын, демек 1,5 млрд. сомду кайтарып бериш үчүн мамлекеттин 6 млрд. кВт/саат электр энергиясын шылуундарга бериш керекпи? Бул шылуун фирма электр жабдык курбаптыр, жакында эле пайда болуптур. Макул, 50 тыйындан эсептегенде деле электр энергиянын нарк баасын (3 млрд. кВт/саат болуп атат), экспорттук баа 4 сом, демек 1,5 млрд. сом алып, 12-24 млрд. сом бергени жатышат. Акылбек Жапаров андан көрө башка токтом чыгарып, каржы министрин тартып, 1,5 млрд. сомду энергетикага бир жылга бөлүп бересиң десе, энергетика министрлигинин алдындагы “Нарынгидроэнергострой деген мамлекеттик курулуш ишканасы куруп берип, бир жылдын ичинде 400 млн. кВт/саатты экспортко 4 сомдон сатып, өкмөткө 1,5 млрд. сомду кайтарып беришмек. 6 млрд. кВт/саат эмес! 400 млн. кВт/саат – бул түздөн-түз коррупция, өлкөгө зыян, чыккынчылык!

-- Эгер Акылбек Жапаров айткандай бюджет көбөйүп жатса, эмнеге үйүн ижарага бергендерден бери салык алуу башталды. Ошондой эле бала бакчадагы балдардын тамагын да ата-эне көтөрсүн деген демилге айтыла баштады го?

-- Салыктар көбөйө берет. Акылбек Жапаров жана ошого окшогондордун башка сунушу жок. Булардыкы – салыкты ойлоп табыш керек, анан мамлекеттик мүлктү сатуу, же башка да сунуштары бар бекен? 30 жылдан бери эле бюджет бекитилет. Анан аким, губернаторлор Бишкекке келип облус, районго бөлүнгөн акчасын алыш үчүн "чотур" таштап кетишчү. "Мистер 5%" деген каймана аты бар мурунку көп жыл иштеген каржы министрлери кимдер экенин элдин баары билет. Мына ошондой адамдар элдин жонунан кайыш тилген саясат жасап жатышат.

-Өкмөттүн салык саясаты эл менен бийликти кайраштырып койбойбу?

-- Күнүмдүк экономикалык саясат жүргүзсө, анда кандай көлөмдө бюджетти толтурба, баары бир өсүш, өнүгүү болбойт. Элдин жашоо турмушу оңолбойт, тескерисинче, кыйынчылык күчөйт. Демек, мындай саясат бийлик менен калкты кайраштырат. 

-- Эмне кылыш керек? 

-Ушул Акылбектер алып келген каржы-экономика системаны сындыруу зарыл. Кыргызстандын өзүнүн өнүгүү-өсүү жашоо эрежеси, жолу бар. Жаңы, өзүбүзгө ыңгайлуу, классикалык политэкономия мыйзамдарына таянып, экономика моделине өтүшүбүз керек. Азыркы система экономикабызды эле эмес, мамлекеттик башкаруу системасын жана мамлекеттин түзүлүшүн талкалаган система. Акылбекке окшогондор системаны өзгөртпөйт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер