Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
28-апрель, 20:18
509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“28-апрель күнү түшкү саат 11.30дарда Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү станциясынын жанындагы электр мамыларына тажик тарап видеокөзөмөл камераларын орнотуп баштаган.
Тажиктер экинчи мамыга камера орнотууга киришкенде, кыргыз чек арачылары барып, тажиктердин ишин токтоткон. Жергиликтүү бийлик органдары менен чек арачыларыбыз тажик тарапка камераларын алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Учурда кыргыз тараптын камераларды алып салуу талабына тажиктер көнбөй, тирешүү уланууда” деп жазат «Турмуш» басылмасы.
“Турмуш кж”