Садык Шер-Нияз, элчи: “Курманжан датка” тасмасын тартууда Жылдыз Жолдошова чоң эмгек жасады”


-- “Курманжан датка” тарыхый киносун тартып, өзгөчө жаңылык жасадыңыз эле. Ал тасмада Алымбек датка Асан бий уулунун образы дээрлик ачылганбы?
-- “Курманжан датка” тасмасында негизги каарман Курманжан энебиз болгон. Ошондой эле мамлекеттик тапшырма боюнча да көңүл биринчи кезекте Курманжан даткага бурулган. Ошондой болсо да Алымбек датка жөнүндө азыраак орчундуу ой тилегин камтыганга аракет кылганбыз. Негизи эле Алымбек датка боюнча өзүнчө тарыхый көркөм тасма тартылса туура болмок. Деги эле тарыхый көркөм тасмалар көп тартылса келечекте биздин жаш муундар ошол тасмалардан үлгү алып, тарыхын билип, эс тартканга чоң өбөлгө түзүп бермек. Албетте, анүчүн биринчи кезекте мамлекет кызыкдар болуп, каражат бөлүнсө жана да кинорежиссерлорго дем-күч бере алсак, андай тасмалар жыл сайын чыгып турса, эң сонун да. Алымбек – доордун улуу инсаны, анын өмүр жолу баарыбызга өрнөк болчу касиеттерге ээ даанышман. Ошондуктан Алымбек атабыздын элесин ар бир кыргыз жүрөгүндө сактап жүрүшү үчүн баардык тараптан бул ишке күчүбүздү, аракетибизди аябашыбыз керек.
“Курманжан датка” тасмасын тартууда Жылдыз Жолдошова эжебиз чоң эмгек жасады, ошондой белдүү, күчтүү инсандарыбыз сүрөсө, мүмкүн келечекте чоң көлөмдүү эпикалык Курманжан даткадай тасма жаралат деп үмүт кылалы.
"Азия Ньюс" гезити











