Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Шайлоочуларым кайра депутат болуумду суранып жатышат”


-- Аида Исатбековна, кесиптештериңиз демилгелеп жаткан мектептерге лицей, гимназия макамын кайтаруу боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?
-- Ооба, биздин эки депутат лицей, гимназиялардын макамын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелешти. Бирок, мыйзам кабыл алынган күндө деле ал өтпөйт, президент каршы пикирин билдирип, вето коюлушу мүмкүн. “Эмне үчүн билим берүү министрлиги депутаттар менен тыгыз иштешпейсиздер? Эмне үчүн долбоор азыркы иштеп жаткан мыйзамга карама-каршы келерин, өтпөсүн билип туруп, унчукпай, комитетке чыгарып жатасыздар?” деп ызаланып айтканым ошондон. Биз бул маселенин үстүндө жарым жыл иштедик да. Бизде 133 гимназия, 38 лицей бар. Балким, анализ жүргүзүп, жакшы натыйжа көрсөткөн мектептерди тандап алып, ошолорду сунуштообуз керектир?.. Бул биринчиден, каражатты аз талап кылмак. Экинчиден, жакшы натыйжа көрсөткөн мектептерге колдоо болмок.
-- Сиз мыйзам өтпөй калат деп ойлойсузбу?
-- Ойлобой эле өтпөсүнө жүз пайыз кепилдик бере алам. Анткени, ал биринчиден, жогоруда айтканымдай, азыркы иштеп жаткан мыйзамга карама-каршы келет. Экинчиден, макамды кайтаруу үчүн бюджеттен 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүшү керек. Бул чоң акча. Үчүнчүдөн, билим берүү министрлигинин өздөрүнүн иштеп чыккан планы бар. Мисалы, №61 мектеп сыяктуу физика-математикалык же англис тили багытындагы мектеп болсо, ошол предметтерге көбүрөөк сабак бөлүп, ошого басым жасайбыз дешет. Азыр ошонун үстүндө иш алпарып жатышат. Эмки жылдан баштап ал ишке ашат.
-- Парламент тарап кетсе, кайра шайлоого барасызбы?
-- Ооба, барайын деген оюм бар. Шайлоочуларым да “аздыр-көптүр тажрыйба жыйнап калдың, баштаган иштериңди улант, биз сени колдоп берели” деп өздөрү суранып жатышат.
"Азия Ньюс" гезити











