Казино оюндарын казактардын Капчагайына тарттырып жибергенбиз
Алгач казинону ачууга чейин аябагандай чоң убадалар айтылган. Казынага миллиарддаган сомдор түшөрү, мамлекет пайдасын көрөрү боюнча. Аныгында эмне болду? Баягы бакылдаган сөздөр жок. Буга чейин Арзыбек Бурканов казинолорду иштетип атканы кабарланып, кайра тынчып калган. Кандай киреше кирип атканы, назилинде бул бизнес чөйрөсү ордун таптыбы же?.. Эмнеге сөз жок? Эгерде казино оюндарын казактардын Капчагайына тарттырып жиберсек, ал жагын ачык айталы да. Же көмүскөдөн миллиарддарды табышып, жеке чөнтөктөргө уруп атышабы? Айтор, баары бүдөмүк. Кыргызстанга казино ойной турган миллионер ышкыбоздор келбей атса, эмнеге жашырабыз? Дал ушул маселенин айланасында бийлик маалымат берип коюшу зарыл. Угушубузга караганда, казино ойногондор арбып баратса, алар жергиликтүү тургундар элеби? Кыкеңдерге тыюу салынганы айтылган эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити