Балалуу жигит колумду сурап жатат. Өзүмдү тартууласам...

Жашоомдо бир жигитти жолуктурдум. Азырынча ата-энеме айта албайм. Кандай кабыл алышат, билбейм. Мен турмушка чыга элекмин. Менин көңүлүмө жаккан бир мырза бар. Жашоого болгон көз карашыбыз окшош. Бирок кийинчерээк үйлөнгөнүн айтты. Эки жашка чыгайын деп калган баласы бар экен. Аялы төрөттөн каза болуптур. Ошондон бери кыжалат болуп жүрөм. Эмне кылсам? Колумду сурап жатат, мамилеси, баары жакшы. Өзү мага жагат. Ата-энесинен өзүнчө турат. Баласына азырынча апасы жардам берип турат. Бир ирет апасы ооруп, мен өз квартирама алып келип карадым. Баласы эми мени көрсө күлүп, мени көрбөй калса издеп ыйлап чыгат экен. “Жөн эле бала багыш үчүн алганы жатасыңбы?” дедим. Ойго ар нерсе келе берет экен. Бирок андай эмес экенин да сезем. Ата-энем анын үйлөнгөнүн билбейт. Кандай кадамга барсам? Өзүмдү тартууласам...
Эркайым
"Азия Ньюс" гезити