Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокенин Оштогу бизнесин билесиңби?

Сокенин Оштогу бизнесин билесиңби?

16-октябрь, 00:15
639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик доорунда Сооронбай Жээнбеков таза иштеп атканын жар салып, оозун куу чөп менен аарчыгандай ишарат жасачу. Тилекке каршы, “жооштон жоон чыгат” дегендей, тымызын ири байлыктарга жеткени, Ысык-Атадан жүздөн ашык гектар жерге, сарайларга ээ болгону жарыяланган. Айрым бизнесмендерге карата күч органдарын пайдаланып, рейдерлик чабуул кылышкандарычы? Айтор, чекесинен былыктары чыга баштады окшойт...

Ош шаарынын четинде, Батыш кичирайонуна бараткан жолдо Сооронбай Жээнбековдун “Мегаполис” аталышындагы соода борбору ийгиликтүү иштеп атканын кабарлашты. Президент кезинде баарын жайгарып, бизнесин түптөп, ишеничтүү адамына жаздырып койгонбу? Учурда арбын киреше түшүп атканын жашыра албайт го?..

Ал эми Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндөгү “Бел-Алма” көмүр шахтасын убагында казак инвесторлорго өткөргөндөй ишарат кылышып, бирок иш жүзүндө Асылбек Жээнбековго караштуу экени ыраспы? Убагында Соке бийлигинин күчүнө салып, береги кенди ишкер Жалил Атамбаевден тартып алып коюшканбы? Албетте, мындай аракеттер өтө жашыруун жүргөндүктөн, биз атайын суроо салып атабыз. “Жем” таштап. Тийешелүү органдар иликтей коюшса, аткаруучулар көмүскөдөгү кожоюнду – Жээнбековдорду айтып чыгышабы? Бул боюнча жергиликтүү билермандар тымызын үн салышууда.

Ток этерине келсек, башта бизнеси жок, аксынып жүргөн Сокенин Оштогу ири киреше алып келип аткан ишканалары өзүнө катталбаса да, жакындарына жазылганбы? Атайын кызмат териштирүүгө кызыгып, коррупциялашкан байлык катары ырастайбы? “Мыйзамсыз баюу” беренеси иштейби же?.. Күтө туралы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер