Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Идинов: «Турукташтыруу» фондун Кумтөрдүн эсебинен толтурса болот»

Кубанычбек Идинов: «Турукташтыруу» фондун Кумтөрдүн эсебинен толтурса болот»

11-сентябрь, 20:26
2 981 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экономикалык кырдаалда колдонула турган «Турукташтыруу» фонду түзүлөрү айтылып жатат, бирок кризисти, бюджеттеги тартыштыкты эске алганда, фондго кайсы каражаттар салынышы мүмкүн? 

-- Фонд түзүү идеясы жакшы. Былтыр ички дүң продукция 8,6 пайызга азайып кеткен. Эгер быйыл жок дегенде 10 пайызга өссөк, былтыркы тартыштыкты жаап, аз-аздан өнүгүүгө бет алган болобуз. Фондго каражатты Кумтөрдүн эсебинен тапса болот. Себеби быйыл алтынды өзүбүз иштетип, сатып жатабыз да. Мурда ИДПга бөлүшүп келгенде өндүрүлгөн алтындын дээрлик 75 пайызы Канаданын эсебине кирип, бизге 26 эле пайызы түшчү. Азыркы учурда алтындын баардык кирешеси биздин ички дүң продукцияга кирет. Ошондуктан ИДПнын тез өнүгүшүнө, фондго каражат табууга шарттар бар. Кумтөрдөн жылына 20 тоннага жакын алтын чыгарылат, быйыл куру дегенде 15 тонна чыгышы мүмкүн. Ушул акчанын бир тоннасын фондго салса деле резерв толот (!) деген ойдомун. 

-- Кийинки жылда чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төмөндөтүү пландалууда, муну ишкерлерге жеңилдик кылуу деп түшүнсөк болобу?

-- Бул чакан жана орто ишкерчилик менен алектенгендерди кош бухгалтерия жүргүзүүдөн чыгарууга багытталган чечим. Тактап айтканда, салык төлөөдөн качып, кызматкерлердин айлык акысын «конверт» менен берген көрүнүштөрдү жоюу. Мамлекетке төлөнүүчү социалдык салыктардын көлөмү дээрлик 29% болгонуна байланыштуу, бизнес кылгандардын басымдуусу салык кызматкерлерине чыныгы кирешени, иштеген кызматкерлердин маянасынын көлөмүн жана кызматкерлердин санын дагы азайтып көрсөтүүгө көнүп алышкан. Албетте, ачык, салыктардын баарын төлөгөн ишкерлерибиз да көп. Анткен менен өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээли 50 пайыз же андан дагы көп экени жашыруун эмес. Бирок, бул жерде экинчи дагы бир маселе келип чыгат. Маселен, социалдык төлөмдөрдүн көлөмү азайса, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөдө маселе жаралышы ыктымал. Бул учурда социалдык бюджетти башка булактын каражаттарынан колдонуу зарылчылыгы келип чыгат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер