Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев: “Наркобизнесмендерди жакында ачыкка чыгарабыз”

Камчыбек Ташиев: “Наркобизнесмендерди жакында ачыкка чыгарабыз”

04-февраль, 09:08
1 493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири өсүп кеткенин билдирди. 

«Мындан ары уюшкан кылмыштуу топтор биздин өлкөдө жашабайт. «Смотрящий», «вор в законе» болгусу келгендер башка өлкөгө барып жашасын. Коррупция мамлекеттик кызматта эле эмес, бизнесте да күчөп кеткен. Кечээ эле бир бизнесмен Кытайдан 7 контейнер алып келиптир. Болгону жүзгө жетпеген телевизор алып келгенин көрсөткөн. Ичин ачып карасак, 7 миң телевизор чыкты. Мына, мамлекетке түшө турган акча! Ошонун негизинде бүгүн 30 млн. сом төлөп жатат. «Подиум» дүкөнүнүн ичинде 140 миллион сомдук товар бар экен. Айына 4 миң сом гана салык төлөйт экен. Алар жок дегенде айына миллион сом төгүп турушу керек эле. Мындай бизнесмендер көп. Бул фактыларды жоюп, бюджетибизди көтөрүшүбүз керек. Биздин уюшкан кылмыштуу топторго каршы, коррупцияга каршы күрөшүбүз уланат. Наркобизнеске каршы да иш жүргүзүп жатабыз. Аларды жакында ачыкка чыгарабыз. Арасында генерал чиндерин алып, ошолор менен чогуу иштегендер бар. «Сен мага тийбе, мен сага тийбейин» деп жүрө берсек, эч нерсе өзгөрбөйт. Ал үчүн чечкиндүү кадамдарга баралы» деди Камчыбек Ташиев. 


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер