Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмирбек “Булбулумду” кимге арнаганын Айнур Турсынбаева ачыктады

Элмирбек “Булбулумду” кимге арнаганын Айнур Турсынбаева ачыктады

24-апрель, 14:51
11 839 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казак акыны Айнур Турсынбаева социалдык баракчасына Элмирбек Иманалиевди эскерип, көңүл айтуусун жазды. 

“Элмирбектей акынынан айрылып, аза күтүп жаткан боордош кыргыз элине жүрөгүм эзиле көңүл айтам. Элмирбек менен 96-97-жылдардан бери айтыштарга бирге катыштык, дос болдук… Жеңишбек, Элмирбек экөө мага каршы чыккан күндөрү болду. «Чамам жетпей калабы деп Жеңишбекти жетелеп келипсиң» деп тамашалашканым эсимде… Кайран күндөр ай… Ооруп, 47 килограмга чейин арыктап, айтыштан да алыстап калган элем, сахнада үнүм чыкпай калган кезимди көрүп: «Жанып турган Айнур кайда кетти?» деди… Кийин Таразга бир айтышка келгенде үйгө атайын келип, мага комузун белекке берип кетти эле…

Арадан бир жыл убакыт өткөндө Астанада айтыштык… Ошол кезде «Айнур, сага арнап ыр чыгардым” деп «Булбулумду» сахнанын артында комуз менен ырдап берди эле… Муңдуу ыр… Жүрөктү козгой турган ыр… Жаштык кезди эсиме салчу ыр…” деп жазды Турсынбаева.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер