Акыркы кабарлар
» Коом » Кендирбаева менен коштошуп, агартуу тармагын саздан сууруп чыгаралы!
Кендирбаева менен коштошуп, агартуу тармагын саздан сууруп чыгаралы!
19-сентябрь, 20:19


Ооба, өкүнүчтүү. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын ишмердигине, кооз сүйлөгөнүнө коомчулук тоюп бүттү. Жылыга китеп көйгөйү жаралат, бирок маселени чече албайт. Бул багыттагы тартыштык дагы үч жылга созуларын айтып отурат. Таңгаласың. Эмне кылуу керек? Азыр билимдүү, тажрыйбалуу жаштарыбыз арбын. Мына ошолордун ылайыктуусун карап, агартуу системасында такшалганын министр кылып коюу шарт. Саздан чыгуунун жолу ушундай эле жөнөкөй болот. Сөз бүттү. Кендирбаева билим берүүнүн кендирин кескени калды го, качанкыга чейин чыдап отурабыз? Чекиндүү мамиле жасап, агартуу тармагын алга карай көтөрөлү да. “Кадрлар баарын чечет” дейт. Биз мыктыларды көрбөй жатабыз да, туурабы?











