Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты: “Кара кийген министр айымга туура сындар айтылды”

Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты: “Кара кийген министр айымга туура сындар айтылды”

20-декабрь, 00:52
732 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, аянтта өткөн сөз эркиндигине жана коррупцияга каршы митинг боюнча эмне айта аласыз?

-- Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте сөз эркиндигине эч кандай басым жок. Биздегидей сөз эркиндиги керек болсо Европа, Азия мамлекеттеринде болбогон. Негизинен, митингдер, акциялар болгону жакшы эле көрүнүш. Ага чыккан ар бир адамдын өз чындыгы бар. Ооба, кээде айрымдар аша чабышат. Айрыкча акыркы учурларда 1-2 адамдын кызыкчылыгын колдоп митингге чыккандар көбөйдү. Мындай нерселер туруктуулукка кедергисин тийгизет.

-- А ошол митингдерге бийлик тараптан реакция болуп жатат деп эсептейсизби?

-- Митингге чыккан элдин талабынын үстүнөн өкмөт иштеп жатат да. Өкмөттүн маселелерди колунан келишинче чечкени – бул бийликтин көңүл бурганы эмеспи.

-- Президент менен Арабияга барган министр Жээнбаеванын чүмбөттөлүп кийинип алганы сынга кабылды. Бул көрүнүштү сиз кандай кабыл алдыңыз?

-- Кыргыздын энелери илгертен баштан түшүрбөгөн улуттук баш кийимибиз бар. Ал – элечек. Министр айым ошол элечектен кийип барса, улуттубуздун жүзүн көрсөтүп, баркын көтөрмөк. Эгер мурда-кийин элечек кийип көрбөсө, анда жеңелерибиз ак жоолук деле салынып жүрүшкөн да. Ислам мамлекеттеринде аял киши жылаңбаш жүргөнгө болбойт, сөзсүз башында жоолугу болуусу кажет. Эл туура сын айтып жатат. Кара кийинип, чүмбөттөлгөнчө, элечек кийип алса сонун жарашмак. Аларга да кызык болмок, суктанышмак.

-- Тазабек мырза, жыл аяктады, артка кылчайып, депутаттык ишмердигиңизге кандай баа берет элеңиз?

-- Ар бир адам өзүн “жакшы иштедим” же “начар иштедим” деп айта албайт. Депутаттардын аймактардагы шайлоочулары бар. Эл берет бааны.  

-- Коомчулуктун сынына көп кабылдыңызбы же мактоогобу?

-- 30 пайызы каралап турушту. Калгандары калыс болду. Колдоочуларым да аз эмес, жакшы эле болду.

-- Келерки жылга пландарыңыз кандай?

-- Биринчи кезекте келаткан жаңы жылда жерибизде тынчтык болушун, өлкөбүздүн экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн тилейм. Жеке пландарым да көп. Быйыл жетишпей калган көп иштерди жасайм, буюрса. Баары Кудайдын буйругу менен. Эң башкысы, элге-журтка кызмат кылуу ниеттерим бийик. 

-- Шайлоого барасызбы?

-- Буюрса, көрөбүз.


Динар ТУРДУГУЛОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер