Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер: “Дүйнө тынчыбаса, өлкөбүздө да стабилдүүлүк орун албайт”


-- Алмазбек мырза, Украина согушу жана Россия менен АКШ президенттеринин жолугушуусу тууралуу учкай кеп кылсак...
-- Украинадагы согуш 3,5 жылдан бери уланып келатат. Миңдеген өмүрлөр кыйылып, шаарлар, айыл кыштактар кыйрады. Акыры, АКШнын президенти Трамптын чечкиндүү киришүүсү менен согуш токтогону турат, буюрса.
-- Кыргызстанга бул канчалык таасирин тийгизиши мүмкүн?
-- Албетте, бул согушта Кыргызстан салкын кандуулукту кармап, расмий бир да тарабын колдогон жок. Менимче, кыйын болсо да биз нейтралдуулукту сактап калганыбыз эң туура иш болду.
-- Бирок, Россия Кыргызстандын эң ири экономикалык, гуманитардык жана аскерий өнөктөшү. Ушундан улам, Россия бул согуштан кандай абалда чыгат, качан чыгат? Ушул суроолор Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Муну айтпаса да түшүнүктүү эмеспи...
-- Жашырганда эмне, согуштун башында Кыргызстан капыстан оң артыкчылык да алып калды. Себеби, Кытайдан товарлар Россияга түз кете албай, Кыргызстан аркылуу кете баштаган. Параллелдик импорт деп коёт муну. Экинчиден, бир топ орус бизнеси согуштан качып, бизге келип, өз иштерин жасап, инвестиция кыла башташкан. Бирок, согуш созулган сайын мындай оң артыкчылыктар тескерисинче өз кесепетин алып келгенин байкадык. Батыш мамлекеттери Россиянын өнөктөштөрүнө да экономикалык санкция киргизе башташты. Албетте, бул жагдай бизге да келиши күтүлгөн. Ошон үчүн өкмөт параллель экспортко да дыккат мамиле кылып, санкция товарларына да катуу көзөмөл кыла алганын көрдүк...
-- Азыр болсо согуштун токтогону Кыргызстанга сөзсүз жакшы таасирин тийгизет. Албетте, оң таасири бир шартта гана: эгер Россия бул согуштан татыктуу жана өз убагында чыкса... Буга карата сиздин оюңуз?
-- Ушуга байланыштуу Америкадагы Америка–Россия президенттеринин жолугушуусу кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстанга да оң таасирин тийгизери шексиз.
Биринчиден, согуштан Россия күчтүү шартта чыгып атат. Шарттуу түрдө ыза тартып, бөлүнүп-жарылып, жеңилип чыкса, алда канча опурталдуу болмок.
Экинчиден, Россиянын экономикасы деле мындай катуу жана узак согушка чыдашы мүмкүн эмес. Алсыз Россия болсо чачырап кетиши ыктымал. Эң ири өнөктөшүң алсырап турса, Кыргызстанга жакшы болобу? Менимче, жок!
Үчүнчүдөн, орус жарандыгын алган мекендештерибиз жөнүндө да ойлонуш керекпиз. Алардын бир бөлүгү да согушта жүрүшөт.
Төртүнчүдөн, негизи эле бул согуш башынан эле регионалдык мааниден чыгып, дүйнөлүк мааниге ээ болуп калган. Дүйнө тынчыбаса, өлкөбүздө да стабилдүүлүк орун албайт. Биздин Конституцияда белгиленгендей, Кыргызстан дүйнө тынчтыгын колдогон мамлекет. Согуш токтосо, Кыргызстанга да стратегиялык жактан сөзсүз жакшы болот.
Бешинчиден, биздин дагы бир ири кошунабыз Кытайды да согушка тартуу аракеттери болуп атат. Бул жагдай да биз үчүн тобокелчиликтерди алып келиши мүмкүн.
Акырында айтарым, кичи мамлекет болсок да Кыргызстан дүйнөнү, регионду тынчтыкка, достукка жана ынтымакка чакырган мамлекетпиз. Ошол вазийпаны аткара бергенибиз туура деп эсептейм. Согуш негизи эле бул – өлүм, кыйроо, трагедия. Тынчыкты тилейли, өзгөчө кошуна жана өнөктөштөрдүн арасында. Украина да, Россия да бизге жакын улуттар жана мамлекеттер. Алар тынчтанса, Орто Азияда да тынчтык өкүм сүрөт.
Кыргызстан бүгүн укмуш өнүгүү жолуна түштү. Кудайдын көзү түз болсун. Тынчтык бар жерде гана өнүгүп-өсүү белгилүү эмеспи.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











