Казак кайындарынын “сөзүн” сүйлөгөн Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров Москвага барып телеканалдарга маек куруп, анысы бир топ аңыз болду. Сооронбай Жээнбеков Франклин Рузвельтти туурап радио маектерди курду, бирок ал жасалма болгондуктан, аны уккан да, сөз кылган да киши болгон жок. Мунусу “Лев Толстойдукундай калпакты го кийиптир, эми аныкындай башты кайдан табар экен” дегендей эле кеп болду.
Анын сыңарындай, Адахан Мадумаровдун Москвадагы маегинде “кыргыз болуш үчүн биринчи орус болуш керек” деген сөзү көп талкуу жаратып, бир топ журналисттер чычалап, “Адахан орустарга жагыныш үчүн айтып жатат. Пекинге барып “кыргыз болуш үчүн биринчи кытай болуш керек”, Сеулга барып, “кыргыз болуш үчүн биринчи корей болуш керек” деп айта берсе боло берет турбайбы” деп чечмелеп да жиберишти. Адахан Мадумаров, балким, бул сөздү орустарга жагыныш үчүн айтса айткандыр, бирок бул Адахандын сөзү эмес. Аны Адахан өз башы менен таап алган сөз эмес. Анда Адахан аны кайдан алды, же кимден үйрөндү дебейсизби? Адахан намаз окуп, мусулманчылык жаатында билимин тереңдеткени сүйлөгөнүнөн, баскан-турганынан билинет, бирок анын интеллекти, жалпы билим деңгээли анча деле жакшы эмес. Бул сөздү ал Черчиллден, же Рузвельттен алды дегенге эч ким ишенбейт. Алар антип айтышы да мүмкүн эмес. Кошуна казактардын “Азилиң жарашса...” деген тамаша программасы бар. Ошондо “Бир метр жер” деген сценкада казак менен өзбектин диалогу көрсөтүлгөн, анда казак Пушкиндин ырын орусча айтканда, өзбек “сиз, Сабит ака, русчаны япыштырып йиберет экенсиз да. Биринчи рус болуш үчүн казак болуш керек” деп бекер айтылбайт экен да” деп тамшанып баа берген жери бар. Адахандын Москвада айткан сөзү буга кокустан окшошуп калган жери жок. Кезегинде казак жеңебизге жаккан бул оюндагы сөздөр Адахан мырзага да ынаган окшойт. “А, бул жакшы экен” деп ичинен жактырып, “кези келсе саясатта бир көзүр катары колдонсом” деп көксөп, келмедей эле кайталап, даярданып жүргөн окшойт. Анан сааты чыгып, Орусияга барганда ал баягы тил учунда турган сөзүн Москвада колдонуп айтып жатпайбы! Көптөн бери камдап жүргөн бул сөз Адахан күткөн сенсациясын жаратып берди. Көп талкуу жараткан сөздүн төркүнү казак куудулдары Жанатбек менен Сабит айткан ушул аскияда жатат, урматтуу туугандар.
"Азия Ньюс" гезити